Т.Саманчин: Совет доорунда куугунтуктан кутулбаган илимпоз

Тазабек Саманчин (1909-1979) — сталиндик доордун запкысына жазыксыз дуушарланган илимпоз.

Тазабек Саманчин сталиндик кандуу жазалоонун соңку толкунуна туш келген. Жазгыч акын Молдо Кылычтын мурасын, кыргыз эл оозеки чыгармачылыгын изилдегени үчүн улутчул жана космополит деп айыпталып, 1950-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган. Беш жылдан кийин абактан кайтып, бирок бир топ жыл ишсиз жүргөн.

 

Кыргыз жазма адабияты VI – X кылымдарда болгон

Тазабек Саманчиндин (1909-1979) өмүр баяны деле курбалдаш каламдаштарынан дээрлик айырмаланбайт.

Тазабек Саманчин 1909-жылы элетте (азыркы Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Жаңы-Жол кыштагында) туулган.

Каргадай кезинде ата-энесинен ажырап, балдар үйүндө тарбия алып, эрезеге жеткени билим алууга биртоп жылдарын арнап, эл агартуу жумуштарын аркалап, кийинчерээк жалаң чыгармачылык, илимий изилдөөчүлүк менен гана алектенген; 1949-жылдын соңунда камалып, 1950-жылы он жылга жазыксыз жерден соттолуп, абактан Иосиф Сталин өлгөндөн кийин гана, 1955-жылы бошонуп, бирок өмүрү өткөнчө өкүмзор бийликтин басым-кысымы алдында жашап келген.

Анын камакка алынышына кандидаттык диссертациясы, анын негизинде 1948-жылы чыгарылган “Кылыч – жазуучу акын” деген китеби да себепкер болгон. Өкүмзор коомдун кезектеги жазалоолору башталганга чейин Молдо Кылычтын китептери чыгып, чыгармалары мектептерде окутулуп, падышалык оторчулук доорунун адабияты коммунисттик идеологияга кайчы келгени анча сезилбей, баары өз нугунда келаткан.

Тазабек Саманчин мына ошол коммунист идеологдорго жакпай калган китебинде “Кыргыздарда капкачан эле – байыркы учурларда (VI – X кылымдарда) жазма адабият болгон” деп анын айныксыз үлгүлөрү катары “Орхон-Енисей дарыяларынын бойлорундагы бейиттерге коюлган эстелик таштардын бетинде, дагы эле болсо сакталып турат” деген батыл ойду алдыга жайып, андан кийин миң жылы көчмөн эл тарыхтын оош-кыйышында жазмасын унутуп, орус оторчулугунун доорунда кайрадан маданий жаңыланууга туш келе баштаганын белгилеген экен.

Молдо Кылыч кыргыз жазма адабиятынын көрүнүктүү өкүлү, өз доорунун үнүн ырдап, акындык баркын бийик көтөрүп жашаган талант болгон. Бекеринен ал:

«Молдо Кылыч мен атым,
Болжолу жок санатым,
Чала чыккан башынан
“Чаар” китептен сабатым.
Жүрөүрө арбыган
Казал жазган кагазым,
Калайыкка билгизип,
Катка түшкөн абазым», — деп отуруптурбу.

Минтип өзүнө ишенген, чыгармачылык кудуретине сын көз менен караган чоң талант гана айта алат. Өз учурунун идеологиялык калып-эрежелеринен чыга албаган Тазабек Саманчин Молдо Кылычтын чыгармачылыгында колониалдык доордун көйгөйлөрү “өтө карама-каршылашкан түрдө орун алганын” атайын белгилеген.

Бирок ага карабастан, ал кездеги бийликтин айткан-дегенин илгиртпей аткарып турган “вульгардык-социологиялык” ур-токмок сынчылар Балтин, Нуров жана Самаганов 1949-жылдын 10-апрелинде партиялык “Советская Киргизия” гезитине “Тазабек Саманчиндин эмгегиндеги буржуазиялык улутчулдуктун жүгүнүүчүлүгү жана калдыктары” деген макаласын жарыялап, кезектеги чабуулду башташат.

Ошол эле жылдын 19-ноябрында Тазабек Саманчин камакка алынат. Белгилүү окумуштууну коопсуздук кызматкерлери дарс окуп жаткан жеринен кантип алып кетишкенин айтылуу сынчы Кеңешбек Асаналиевдин эскерген жайы бар.

 

Системанын саясий туткуну

Тазабек Саманчин камакка алынган күнү үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, кол жазмалары менен китептерин коопсуздук кызматкерлери алып кетет. Беш жылдан кийин абактан бошонуп келгени менен Саманчиндин Фрунзе шаарында ишке орношуусу кыйынга туруп, жашыруун көзөмөл алдында жүрөт.

Ташым Искакович Байжиев (1909-1952).

Саманчин менен удаалаш абакка жазыксыз айдалгандардын бири — манас таануучу Ташым Искак уулу Байжиев (1909-1952) сталиндик ГуЛАГдан кайтпай калды.

Түрмөдөн чыгып келгени менен ишке орношо албай, “үй камагында” кыйла жылдар отуруунун оорчулугун улуу окумуштуу Зияш Бектенов да башынан өткөргөн.

Кийинчерээк Кыргыз педагогикалык илим-изилдөө институтуна ишке орношкону менен, Тазабек Саманчин өмүрү өткөнчө коммунисттик саясий системанын кысымы жана көмүскө көзөмөлү алдында жашап келген.

Тазабек Саманчиндин эмгегине татыктуу баа берилип, ал тууралуу жылуу сөздөр окумуштуу бу жарыкчылыктан кеткенден кийин, тагыраак айтканда, коммунисттик режим биротоло кулаган соң, эгемендик доорунда гана айтыла баштаган.

1989-жылы Кыргызстан Жазуучулар биримдигинин демилгеси менен анын 80 жылдыгына карата мааракелик жыйын уюштурулган. Ошол жыйынды уюштуруучулардын бири, профессор Садык Алахандын ырасташынча, эскерүү иш-чарасына илимпоздун үй-бүлөсү, аны билген замандаштары катышкан.

Тазабек Саманчиндин чыгармачылык кызыкчылыгы ар тараптуу болгон. Өзүнүн илимий агартуучулук иштерине эриш-аркак ал кара сөз, драмалык чыгармаларды жазган, улут адабиятынын өткөнү менен учурдагысын талдоого алган көлөмдүү макалаларды жазган. Ал эми Кыргызстан жапырт коллективдештирүү, маданий ыңкылап тушунда чоңдорго арнап алиппе китебин, кийинчерээк мектеп окуучуларына кыргыз адабияты боюнча окуу китептерин жазган.

Кыргыз окурмандары котормочу Тазабек Саманчиндин аракети менен орустун белгилүү сынчысы Виссарион Белинскийдин эмгектерин, Антон Чеховдун, Лев Толстойдун, Максим Горькийдин, индиялык улуу жазуучу, акын Рабиндранат Тагордун чыгармаларын өз эне тилинде окуу мүмкүнчүлугүнө жетишкен.

Т. Саманчин 1979-жылы Бишкекте каза болгон.

 

Көңүл калуу

Карагандыдагы саясий камактагылар абагынан И.Сталин өлгөндөн кийинки анча-мынча либералдашуу кезеңинде бошонуп келгенден кийин Тазабек Саманчин кыргыз адабиятын окутуунун усулдук маселелери менен гана алектенип, адабий сын, адабият тарыхын иликтөө иштеринен алыстап кеткен. Антишке, кыязы, анын өз өмүрүн арнаган жумушунун айынан абакка түшүп, жазгандарынан кадалып саясий айып издөөчүлүктүн биротоло жоюлбай, жүрөк суусун алган тымызын аңдуунун токтолбогону себеп болгон шекилдүү.

Профессор Советбек Байгазиевдин пикиринде, илимий ишке абдан бүйрө бул окумуштуу Молдо Кылычтын чыгармачылыгын изилдөө учурунда топтолгон кол жазма, басма беттериндеги маалыматтарга гана токтолбостон, акын жашап өткөн жерге барып, аны билгендердин эскерүүлөрүн, чыгармаларын жыйнаган.

Эки кылым ашташында жашаган жазгыч акын Молдо Кылыч менен жаңы заманда жарк этип катарлаштарынан кыйла алдыга бөлүнүп чыккан Касым Тыныстановдун акталышы социализм заманында узак жылдарга созулуп, саясий күрөштүн чок ортосунда болуп келди.

Ал эми кыргыз элинин улуу эпосу “Манастын” айланасындагы талаш-тартыштар, аны изилдегендер менен жарыялоо аракетин көргөндөр кандай тагдырга туш келгени өзүнчө узун сөз.

1925-жылы Москвадан Тыныбек Жапый уулу деген чоң жомокчунун айтуусундагы “Семетей” эпосунун үзүндүсү, андан соң экен-токондо элдик улуу чыгарманын айрым үзундүлөрү, кошмо варианттары жарык көргөнү болбосо эпостун жазылып алгандарынын арасындагы көркөмдүгү, көлөмү жагынан эң мыктысы эсептелинген Сагымбай менен Саякбайдын варианттары эгемендик заманда гана толугу менен чыкты.

Ага чейин улуу эпостун бир да варианты толук жарыяланбаганы менен, анын айланасындагы талаш-тартыштар, улуу чыгарманы кара боёкко шыбап көөлөө, саясий айыптар тагуу токтолгон жок. Ушундай эле тагдырга Молдо Кылычтын мурасы да туш келди. Буга чейин эки-үч ирет басылып чыккан китептери сатуудан, китепканалардан алынып, жок кылынганына карабастан, улуу акынды реакциячыл деп айыптап, колдон келишинче көөлөө жарым кылымга жакын улантылды.

Аны биринчилерден болуп изилдеген Тазабек Саманчин өмүрүн арнаган иштен цензуранын айынан четтетилип, ошондон кийин кыйла убакытка кыргыз улут адабиятынын тарыхы аябай эле жарды, саналуу гана чыгармалар менен саналуу гана авторлордун айланасында сыпатталып келди. «Кыргыз жазма адабияты Кеңеш доорунда гана түптөлгөн» деген илимий чындыкка каршы жоромол расмий бийликтин пикирине айланган учур эле.

Тоталитардык коомдун адабиятка карата тапчыл мамилесинин айынан чыныгы таланттар бааланбай, коммунисттик идеологиянын сенек калыптарына ылайыкталып жазылган чыгармалар гана жогору бааланып, көркөм сөздүн коомдук кадыр-баркы кыйла түштү.

Эгерде Касым Тыныстанов, Тазабек Саманчин, Зияш (Зыяш) Бектенов, Ташым Байжиев сындуу чыныгы илимпоздордун жолун саясий система бууп, куугунтукка албаса, анда улут адабиятыбыздын жаңы середеги өнүгүү доору кыйла толук, ар тараптуу сыпатталмак.

Бекташ Шамшиев, «Азаттык», 22.07.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий