Талант Шабиев: “Асан-үсөн кимдики?”

(жомок)

Жаан жаап бүткөн соң, коёнек сыртка чыкты. Ал токойдун четинде жашачу. Асмандагы ийилген жети түсүү асан-үсөндү көрүп таң калды. Ал мындай кубулушту өмүрүндө биринчи жолу көрүп жаткан эле.

Бул кооздукту ким жараткан?-деп ойлонду. Карап көрсө ал кооздуктун бир учу анын досу мамалактын үйүнөн чыккандай болду. Ошол замат анын үйүнө жетип барды.

– Мамалак асан-үсөн силердин үйдөн чыгып жатпады беле, мен ал сенин энең жасады го деп ойлогомун, — деди коёнек.

– Жок. Биз кышкы уйкудан жаңы эле ойгондук, — деди мамалак таң кала.

Мумкүн, асан-үсөн тыйын чычкандын үйүнөн чыгып жүрбөсүн, деп ал жакка жүгүрүштү.

Алар тыйын чычканга келишти.

– Досум, асан-үсөн силердин үйдөн чыккан жокпу? — деп сурашты тыйын чычкандан.

– Жо-ок, ал биздин үйдөн чыккан жок, — деп жооп берди ал. Мен карагайдын башына чыгып карасам, ал чаарчыктын үйнөн чыгып жаткандай, — деди ал досторуна. Анда эмесе кеттик, деп алар чаарчыктын үйүн көздөй жөнөп кетишти.

Бир маалда талаада секирип ойноп жүргөн чаарчыкты көрүштү.

– Келгениңер жакшы болбодубу, кубалашып ойнойлу — деди чаарчык.

– Жо-ок, биз асан-үсөн кимдин үйүнөн чыкты, ал кимдики? — деп издеп жүрөбүз дешти достору.

– Ой аны издеп убара болбогула. Мен аябай күлүк эмесминби, бирок, кубалап жетпей койгомун, деди ал. Демек асан-үсөндүн ээси бийик тоолордун ары жагында жашайт болсо керек деп ойлошту достор. Бирок тоо алыс болгондуктан, алар ал жакка барууну туура көрүшкөн жок. Анткени аларды энелери издеп калышы мүмкүн эле.

– Достор, келгиле үкү атадан сурап көрөлү. Ал көптү билет эмеспи деди, — тыйын чычкан. Ага баары макул болушту. Тыйын чычкан бактын бутагында конуп олтурган үкүнү көрдү. Ага барып, “Саламатсызбы, үкү ата” деп саламдашты.

– Саламатчылык, балдар, деп үкү алик алды. Балдар берген суроого: асан-үсөн жаан жаагандан кийин пайда болот. Ал эч кимдики эмес. Ал жаратылыштык кубулуш. Жаан жааганда асмандан түшкөн тамчылар майдалана кетишет. Күн нуру тамчыларды аралап өткөндө жети түс пайда болот. Алар кызыл, кочкул сары, сары, жашыл, ачык көк, кочкул көк жана сыя көк түс болуп турат . Карасаңар, азыр болсо ал жоголуп кетти, — деди үкү. Анткени жаан тамчылары жерге түшүп бүттү.

Достор асмандагы кооз кубулуштун жоголуп кеткенин көрүп капа болушту. Аны байкаган үкү пил досун чакырып, анын кулагына шыбырады. Пил булактан сууну мурдуна соруп алып асманды көздөй бүркүп жиберди. Суу асманга чачырап, майдаланып буу сымал боло калды. Ошол замат балдардын көз алдында баягы кооз көрүнүш пайда болду. Алар аябай кубанычта болуп пилге, үкүгө рахмат айтышып оюндарын улантышты.

Соц тармактар:

Добавить комментарий