Кочкор өрөөнүнүн орто жериндеги Орток тоо же Кара-Тоо

Кочкор өрөөнүндө Кыргыз Ала-Тоосунан бөлүнүп, орто жерде Ортоктун тоосу турат, Ал тоо Кара-Тоо деп да аталат. Тоонун үстүндө эл айтып жүргөн деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте Манастын ордосу бар. Ордонун четинде Аккуланын мамысы жана колго түшкөндөрдү салуучу ор (зындан) да бар. Кароол чокудан караганда өрөөндүн баардык жагы алаканга салынгандай көрүнөт. Чыгыш жакка көз салсаң Ысык-Көл, түштүк-чыгышында Долондун бели, түндүгүнөн Шамчы (Кашат) ашуусу, түндүк-батышынан Кызарттын бели, арт жагында батышында Каракол, Сөөк өрөөндөрү көрүнүп турат. Байыркы мезгилден эле, бул жерде кагандар, хандар жайкы ордо кылып, өрөөндөгү баардык кыймыл аракеттерге көз салып турушкан.

Кара Тоонун (Ортоктун) тоосун айланта корутуп бул жерде байыр алып жашаган кийик-бугуларды аттырбай, хандар кайтарткан. Кийик-бугулар түштүгүндө Чүй суусунан суу ичип, кайра Кара-Тоого чыгып кетип турушкан.Түндүгүндө (Миң-Булак) Сарала-Саз, Ак-Бел түздүгүнө чейин оттогон жер болгон.

Сарала-Саз, Ак-Бел деп эмне үчүн бийик жер аталган, саз ойдуң жерде болот да, көрсө Х кылымдын башындагы жер титирөөгө чейин баардык коктулардан жана ойдуңдардан суу булак болуп чыгып турган. Бул Сарала-Саз Ак-Бел түздүгү нымдуулуктун көп болушунан миллиондогон жылдарда топурагы калың түздүк болгон. Өсүмдүктөрдүн бардык түрү өсүп турган жер болгон.

Жер титирөөдөн кийин, өрөөндө сел жүрүп, Шамчы (Кашат) ашуусунун батышындагы Шиш-Чокунун түндүк-батышынан чыккан суу, сел болуп өрөөндү каптап кеткенден кийин, булактар азайган. Сюань-Цзанды каган ушул Кара-Тоодо (Ортоктун ) тоосунун түндүгүндөгү Миң-Булагында кабыл алса керек. Бул жерден пиязы (ЛУКОВЫЕ ГОРЫ) көп аянттарды көргөнүн жазат. Чындыгында Кара-Тоонун (Ортоктун) үстүндөгү ордонун түндүк жагында жүздөгөн гектар жерде, азыр да ак пияздуу (кылыч пияз) аянттар бар.

Түштүк-чыгышында Чүй суусунун оң жагында түндүк тарабында Суяб — карахандардын, кыргыздардын, түргөштөрдүн, усундардын ордо-борбору, түндүк-чыгышында Баласагын шаары орун алган. Өрөөнгө кыштын күнү кар жаабагандыктан жана кар токтобогондуктан кыргыздар, түргөштөр, карлуктар жана караханиддер Кочкор өрөөнүндө малын кыштатышкан. Мындан башка өрөөндүн аба ырайынын шарты жагымдуу болгондуктан, хандар дайыма душманга каршы даяр турууга жоокерлерди машыктырып, аттарын таптатышкан. Тынч мезгилде аламан байге кылып, күлүктөрдү сынашкан. Эмне үчүн бул өрөөндүн байыркы аталышы Йарыш (Жарыш) дайыма аламан байге жарыштар жүрүп тургандыктан Ярыш (Жарыш) аталган.

Казактын тарыхчысы Г.Б.Хабижанованын “Караханиддер мамлекетинин түрк урууларынын огуздар менен болгон карым-катнашы” деген эмгегинде Огузхандын атасы Кара-Хандын айтуусунда, жайында Ур-Таг (Орток. К.К.) жана Көр-Таг (Кара-Тоо. К.К.) тоолорунда жайлашкан. Азыр ал тоолор Үлүш-Таг (Кыштама-Тоо. К.К.) жана Кичик-Таг (Кичине-Тоо. К.К.) дешет. 130-бет.

Орус тарыхчысы В.Григорьевдин жалпы Түндүк Теңир-Тоодо жашаган элге Караханиддер деген термин колдонуу менен, кыргыз элинин аты өчүп жок болгон. Ошол эле мезгилде карлук, түргөш, чигил, ягма жана тухсилердин аттары чыккан. Кайда азыр ошол уруулар, кайда ошол элдин дайны. Андан көрө ошол уруулар кыргыз элинин уруулары экени билинип турбайбы. Ушул Түндүк Тянь-Шанда жашаган эл, азыркы кыргыздардын байыркы эле ата-бабалары экени дайын. “Бетеге кетет, бел калат, Бектер кетет, эл калат” деген ата-бабаларыбыздан калган сөздү талдайлы. Эл башына кайсы этностун же кайсы уруунун тыңы, бийликке турса ошол уруунун аты коюлган. Карлук каганаты, Түргөш каганаты деп. Бул баардык мамлекеттерде бар. Мисалы: Кытайда Тан, Син империясы ж.б. Эл ошол эле эл, ушул жерде жашаган эле эл, бийлик башы алмашканда, саясат да өзгөрүп, мамлекеттердин ички түзүлүшү өзгөрүп турган, бирок ал жерде баякы эле эл калган. Тышкы душмандардын кысымы менен, өз ата мекенин тыштап кетүүлөр болгон.

Биз жазган Х кылымдын башындагы алааматтан кийин кыргыз эли тентиген. Бири кетти Кангайга, бир кетти Алтайга, бир кетти Эренге, бири түшүп кетти Тереңге деген “Манас” эпосундагы төрт сап ырдын маанисин чечмелеген эч ким жок. Мына ушул ырдын өзөгүндө кыргыз элинин тагдырын бурган маани жатат. Бир кетти Кангайга (Кангюй) батыш тарапка кеткен. Бири түшүп кетти тереңге, Ысык-Көлгө түшүп кеткен адамдардын сөөгү, XIX кылымдын экинчи жарымында орустардын келиши менен, Ысык-Көлдүн суусунун ичинен жана жээгинен көрүшкөн, бозоргон миңдеген адамдардын сөөгү каякта, ал эмне деген сөөктөр, ал сөөктөрдү падышалык Россиянын бийлиги эмне кылды. Бул тарыхты изилдеген эч ким жок.

Бири кетти Алтайга дегени, Жакып хан эли менен Алтайга кеткени эмеспи. Бири кетти Эренге дегени (Иранга эмеспи). Биз айтып жаткан Кочкор өрөөнүндө жүргөн селдин (топон суу) аныктыгын орустун изилдөөчүсү Н.А.Аристовдун жазганынан башка, 2011-жылы Ысык-Көлдүн түндүк-батышын изилдеген, сейсмолог окумуштуулардын эмгегинен (СИЛЬНЫЕ ИСТОРИЧЕСКИЕ ЗЕМЛЕТРЯСЕНИЯ НА СЕВЕРО-ЗАПАДЕ ИССЫК-КУЛЬСКОЙ ВПАДИНЫ (Северный Тянь-Шань)А.М. Корженков, С.В. Абдиева, П.С. Вахрамеева*, А.Б. Джумабаева, Э.М. Мамыров,Е.А. Морозова*, Л.А. Орлова**, А.Б. Фортуна Институт сейсмологии НАН КР, 720060, Бишкек, Асанбай, 52/1, Кыргызстан* Санкт-Петербургский государственный университет, 199034, Санкт-Петербург, Университетская наб., 7, Россия** Институт геологии и минералогии им. В.С. Соболева СО РАН, 630090, Новосибирск, просп. Академика Коптюга, 3) мындан 1100 жыл мурун болгон жер титирөө көчмөн элдин цивилицазиясын, усундардын, моголдордун, түрктөрдүн жана Кыргыз каганатынын ордо өзөгүнүн жок болгонун аныктап жатышат. Бул өрөөнүндөгү алааматын жүрүшү 920-жылы кыргыз каганатынын жок болушу, топон суунун (алааматтын) жүрүшүнөн болгону билинип турат.

Тышкы душман кара кытайлардын кесепетинен Жакып хан Алтайга көчүүгө аргасыз болгон. Ал жерден Манас төрөлүп, эр азамат болгуча Опшурдун малын бакканын эпостон билебиз. Жигит болуп торолгондо “үзүлгөндү улаймын, чачылганды жыйнаймын” деп кыргыз элин чогултуп касиеттүү Ала-Тоого барам деп, Таласка келгени, “курама топтоп журт кылдым, кулаалы таптап куш кылдым” деп баардык жолуккан урууларды бир ынтымакка чакырып эл кылганы, ушул алааматтан кийинки чачылган элин чогултканы байкалат.

Кытайлык будда кечили Сюань Цзань жазган Цзедань (Кетан) тоосу Кум-Дөбө Суябдын батыш-түндүгүндө турат. Ал бөксө тоо түркчө Узун-Агач, Узун-Ард деп аталат. Ал эми кыргызча Узун-Адыр, Узун-Дөбө дешет. Бул тоодо түрктөр, өздөрүнүн хандарын бийликке көтөргөндө, ушул тоого чыгышат деген. (В.Д.Горячева. Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли.Фрунзе. 1983г.стр 54).

Бул бөксө тоо азыркы Кочкор-Ата мазары. Бул ыйык тоого азыр да, бийликке турам дегендердин баары, тоонун үстүндөгү хан тактыга олтуруп кетишет. Сюань-Цзань Сарала-Саз Миң-Булактан Каракол өрөөнү менен Суусамыр ашып, Таласка кеткени жөнүндө баардык тарыхый маалыматтарда жазылып турат. Ал жөнүндө Сюань-Цзандын озүнүн жазганынан которулуп келген эмгекте, кытайдагы кыргыз тарыхчысы Макелек Өмүрбайдын котормосунда жана башка бир топ кийинки эмгектерде көрүнүп турат. Ага болбостон орус чыгыш изилдөөчүлөрүнүн жазган эмгектерине таянышып, биздин бир топ тарыхчыларыбыз Сюань-Цзань Чүйгө Боом менен ашып келген деген гипотезаны бекем кармап олтурушат. VII кылымда Боом капчыгайы туюк болгон, ал жерди Көк-Мойнок көлү толуп турган (Кыргыз улуттар академиясынын сейсмология инстиутунун маалыматы 2011-жыл). Орус чыгыш изилдөөчүлөрү Суяб менен Баласагын шаарлары белгилүү шаарлар болгонун Самарканд жана Бухарага тең шаарлар экенин билгенден кийин, В.В.Бартольд баш болгон экспедиция 1893-1894-жылдары келип издөө жүргүзүп тапкан эмес. Эмне үчүн 1893-жылы Кыргызстанды изилдеп келген В.В.Бартольд буту сынып калганына карабай, 1894-жылы кайра келген. Ал чыгыш изилдөөчү Лондондо жана Берлиндеги архивдерден бул эки шаар жөнүндө так маалыматтарды алгандан кийин, изилдеп табуу аябай кызык болгон. В.В.Бартольд келип, эки жыл жайкы убакта изилдеп, Ысык-Көлдү айланып чыккан, Кочкорго келгенде, Чүй суусунун түндүк жагында, суунун жээгинде чоң шаардын изи бар экен деген Пантусовдун айтканына, араба жолу жок болсо барбайм деп жооп берген. Анткени буту сынык киши ат мине алган эмес. Тарыхта жазылган Кыргыз каганаты 80 жыл гүлдөп турган, Оролдун суусунан, Онон сууга чейинки жерди ээлеп, турган чоң мамлекет болгон. Бул жөнүндө айыл чарба илимдеринин кандидаты Качкынбай Кадыркуловдун Германиядан 1993-жылы алып келген, Шольборгдун картасы далил. Бирок 920-923-жылдарда Х кылымдын башындагы жер титирөө сел каптап, Суяб менен Баласагын шаарларын жана башка турак жайларды талкалап, селдин топурагы куму басып калгандан кийин кыргыз эли тентиген. Бийликтин башында турган согуштук тактиканы, эл башкаруу саясатын, тышкы жана ички саясатты, сооданы жүргүзгөн бийлик башындагыларды, хан ордосу менен кошо талкалап, сел Ысык-Көлгө агызып кеткен. Ошону менен гүлдөп өнүгүп турган Кыргыз каганаты жок болгон. Бул өзү Гүлзат Алиева жазган еврейлердин башына келген трагедия, кыргызга да келгенин эч ким айткысы, жазгысы жана башын ооруткусу келбейт.

Күзгүдөй Күн нуруна чагылышкан,
Жети көл тоо башынан орун алган,
Соңку-Көл-эң сулуусу жети көлдүн,
Сыймыгы бир ажайып салкын төрдүн.
………………………………………….
Туптунук мөлтүрөгөн Күмүш-Көлдү,
Какандар жардырууга үлгүрбөдү
…………………………………………
Алтын-Көл, Мис-Көл куму калып,
Суулары агып кеткен жээгин жарып.
Муз-Көлдүн орунунда жалтыраган,
Көк жалтаң муздан бүткөн аска калган.
Кайнак-Көл төмөнүрөөк болгондуктан,
Кийинки көл астында калып калган.
Туз-Көлдүн тузу калып өзү качкан,
Көпкөк туз катмарланып аскалардан.
………………………………………….
Теңирдин касиеттүү кесесиндей,
Жети көл курчап турат Күңгөй-Тескей
………………………………………….
Чөмүчтөй келишимдүү ойдуң жерге,
Усундар Кызыл шаарын курушту эле,
Эгерде жети көлдүн түбүн жырсам,
Усундун Кызыл шаарын тыйпыл кылсам.
…………………………………………..
Билинбей күндөп-түндөп тоо башында,
Көлдөрдүн суусун төмөн жырдырууга,
Тынымсыз билинбестен далбас урат,
Жетинчи айга баарын даяр кылат.
Аздан соң көлдөр агып тоону тебет,
Орошон Сары-Талааны жайпап өтүп.
Гүлдөгөн алтын түспөл Кызыл шаарды,
Бир түндө билгизбестен басып калды.
Бүбү Мариям Муса кызы. “Айкөл Манас” Жайсаң Үмөт уулу .4-к. (141,143,144 б.б).

«Кылаасы жети көлдүн-жер ортосу» дегени, азыркы убакта Шамшы (Кашат) ашуусунун батыш жагындагы, Кочкор өрөөнүн сел болуп каптаган Бузулган суунун, Шиш-Чокунун түбүндө 4 көл бар, 5-көл – Көлтөр көлү.

Муз көлү ошол Шиш чокунун үстүндөгү мөңгү болушу ыктымал. «Муз-Көлдүн ордунда жалтыраган, көк жалтаң муздан бүткөн аска калган» деген ыр сабында, Кыргыз Ала-Тоосунун түбүндөгү “Тешик-Көл” жөнүндө маалымат берилет. Көл жаткан тоо түбөлүк ак кар, көк муз менен капталып жатат, ал эми суу анын түбүндөгү таштагы оюк (тешик) аркылуу агып чыгат. Байыркы доордо көл чоң аянтты ээлеп жаткандыгы, азыркы күндө анын болор-болбос бөлүгү сакталып калгандыгы байкалып турат.

(Туура тапкансыз, Курманали аксакал.Бул көл азыркы Бузулган суунун башы, суу жердин астынан тик турган таштын арасынан атылып чыгат, көрүктүн үнүндөй үн чыгып турат. Суу ылдыйлап келип, Ортоктун тоосунун астына кирип, кайра Осоавиахим (азыркы Молдо Кылыч) айылы менен Орток айылынын ортосунан артезиан болуп атылып чыгат. 1978-жылдагы жер титирөөдөн кийин Бузулган суунун нугундагы суу азайып, элди каптап кетүү коркунучу 1980-1984-жылдардан бери жоголду. К.К.)

«Туз-Көлдүн тузу калып, өзү качкан, Көпкөк туз катмарланып аскалардан» деген сөздөр, ал көлдүн азыркы Кочкор районунун, Туз кыштагынын (кенинин) аймагында болгондугун кабарлайт. Бул жерде туздун кристалдарынан турган жарлар бар. Ал эми Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү Туз-Көл байыркы экинчи Туз-Көлдүн калдыгы болушу толук ыктымалдуулук.( Шор-көл-Туз-Көл. Тоң району , Күн Чыгыш айыл өкмөтү.К.К)

Кайнар көл – бул Ара-көл айылынын чыгышында жердин алдынан газ аралаш суу чыгат, от жакса күйүп турат. Кайнар көл ушул жер болушу ыктымал. 1980-жылдарда геология ишканасы газ чыгат деп бургулоо жүргүзкөнүн билебиз. Бул Ара-Көл айылынын чыгышында башка жактан агып келгендей кум чайкаган эбегесиз көп кумдун жыйыны бар. Ал эми Ара-Көл көлүн 1982-жылы космостон тартылган сүрөтү менен келген изилдөөчүлөр, космостон караганда жалтырап турат экен деп, келишкенин билебиз. Бирок көл анча деле чоң эмес, узуну 1,5 км, туурасы 400 метр болгон, эл сугатка пайдаланган тосмосу бар көл. Жалтырак көл.

Ал эми «Соңку-Көл – эң сулуусу жети көлдүн, Сыймыгы бир ажайып салкын төрдүн» деген сүйлөмдөр, көлдү курчап турган тоолордогу «соңку» (акыркы) көл экендигин, анын бийик тоодо жайгашкандыгын маалымдап турат. Себеби, Соң-Көл (Соң-Көл) Тескей Ала-Тоонун Кыргыз Ала-Тоосу менен жайгашкан аймагындагы Ички Азирети тоонун Молдо тоо, Соңкөл, Боор-Албас тоолорунун ортосунда жайгашкан, «соңку» (четки, акыркы) 4000 жылдар аралыгында пайда болгон көл. (Бирок өрөөндө Созулган көл Орто-Токойдон башталып Ак-Жар айылына чейин созулган көл болгон. Көл 1815 метрге чейин көтөрүлүп келген. Коңурбаев.А.Ө. Иссик-Куль-трансгрессия и регрессия, проблема не решена. 1984-г.К.К.)

«Аздан соң көлдөр агып тоону тебет» Суу Ортоктун тоосуна (Кара-Тоого) урунуп, өрөөнгө агып түшкөн.

«Бир кезде атак-даңкы дүйнө жарган,
«Усун»деп уруусунун атын алган
мээнеткеч, өжөр калктын өкүмдары,
курулган алтын, мистен Кызыл Шаары,
көз жоосун далай элдин алып турган,
көптөгөн ач көздөрдү душман кылган.
Башкарып акыл менен усун элин
ээлептир эбегейсиз жер өлчөмүн
Кылаасы жети көлдүн — жер ортосу,
гүлдөгөн Кызыл аттуу шаар болчу.
Арытып ат туягы жеткен жерге
Атагы усундардын дайын эле.
Орошон, Ойрот-Талаа, Сары-Талаа,
усундар ээлик кылчу баарысына.
Өркүндөп туш-тарабы өнүп өскөн,
өнөрлүү, жеткилең калк болгон экен.
Гунн деген бир кезекте эл болгонун ,
чабылып, Усун атка конгондугун,
Усундар-Сактар болуп, Сактан-Булут,
Булуттан-Ууз келип, кыркууз туулуп,
чачырап кыркууз дагы кырк тарапка,
эл калдык КЫРГЫЗ деген чымчым гана!
Бүбү Мариям Муса кызы.”Айкөл Манас” (Жайсаң Үмөт уулу) 4-том. 227 бет.

Кызыл шаардын (Суябдын) түндүгүндөгү бийик жерде 4 көл бар. Бул көлдөр Бузулган суунун чыгыш жагында жайгашкан. Ал эми Кочкор өрөөнүнүн астында 470 метр тереңдикте таза суунун эбегейсиз чоң деңизи бар экенин унутпасак. Ал суу секундасына 21м3 менен агып турат. КСЭ. 29-бет.

Усундар (үйшүндөр) тарыхый маалыматтар боюнча, б.з.ч. 2-к. таандык эл болуп, 120 миң түтүндөн туруп, калкынын саны 630 миң, аскеринин саны 188 800 адамды түзгөн. (Борбор шаары Ысык-Көлдүн батышында, Кочкор өрөөнүндөгү Суе (Чүй, Чу) дарыясынын түндүк жээгиндеги (Кызыл шаар) Суяб шаары болгон. Ал шаар азыркы Кум-Дөбө айылынын ордунда, Чүй (Чу) суусунун жээгинде шаардын борбордук сепилинин 36 гектар жерде чалдыбары бар. К.К.)

Орус тарыхчылары Кызыл шаар (балким Чу) Чигу дебей, Кызыл өрөөндөгү Чигу шаары деп, Ысык-Көлдүн туш тарабын издешти, таба алышкан жок. Тарыхты бурмалоо болгону байкалат. Кызыл шаар бышырылган кызыл кирпичтерден салынганы анык. Быйыл жайында 2017-жылы археологиялык казуулар башталды. Көк-Таш деген жерде алты метр тереңдикте бышкан кызыл кирпичтен салынган эки бөлмөлүү күмбөз табылды. Табылган күмбөздүн батыш жагындагы үлүшкө кеткен жерлердин астында Баласагын шаарынын курулуштары жатат. Бул аянттарда мен 27 жыл иштедим, ал жердин ар бир чүңкурундагы курулуштардын калдыгын билем. Бул казууларды мен сыйлаган, урматтаган Кыргыз Түрк “МАНАС” университетинин профессору, археолог, тарых илимдеринин кандидаты Кубат Табалдиев жана Кыргыз улуттук университетинин археология жана этнология кафедрасынын ага окуутучусу, археолог Ороз Солтобаев жана Туркия мамлекетинин “ТИКА” уюмунун каржылоосу (жетекчиси Абдуллах Карачак) менен жүргүзүштү. Мында Манас университетинин отуздан ашык студенти жана айылдан 10 адам казууга катышышты.

Ал эми 65 жылдан бери жашаган айылдагы Кара-Бакта, биз аныктаган Суяб шаарынын кызыл бышкан кирпичтен салынган курулушунун четин ачып коюшту. Бул курулуштарга бала кезде ичине кирип ойноор элек. Ага Кыргыз улуттук университетинин археология жана этнология кафедрасынын ага окуутучусу, археолог Ороз Солтобаев башында турган студенттер иштешти.

Бул тарыхый археологиялык архитектуралык эстелик мурас, кыргыз каганатынын ордо борборлору экени анык. Биз буга 100 пайыз жооп беребиз жана казылып ачылып калса, кыргыз элине миллиондогон киреше алып келээрине толук көзүбүз жетет.

Дагы айта турган сөз Манас эпосу бул кыргыз элинин тарыхы жана Айкөл Манас тарыхый инсан. Бүбү Мариям Муса кызы медитация убагында жаздырган Жайсаң Үмөт уулунун “Айкөл Манасын” жок кылып, Бүбү Мариямды сотко берген, адамдар Дөнөнбайлар, Манкурттар экен деп эсептейм. Анткени чечмелеп талдап окуса, кыргыз элинин тарыхы, жер суусун так жазылганы көрүнүп турат. Бул макалага Матикеев Тургуналинин макалаларынан жана Сабида Сартованын жазгандарынан колдондук, бул адамдарга чоң ырахмат.

Биз дагы Плоских В.М, Мокрынин жана Бородин деген үчилтик тарыхчылар Аман Газиев деген псевдоним менен кыргыз элинин тарыхын жазышып, кыялдангандай кыялданып, ушул макаланы жаздык.

“ЫЙЫК МУРАС” коомунун төрагасы, тарых изилдөөчү К.Коңурбаев.

Соц тармактар:

Добавить комментарий