Сайт тууралуу

«Кыргыз маданият борборун» ачуу демилгесин Марат Токоев, Жыргалбек Касаболотов жана Олжобай Шакир көтөрүп чыккан. Бул сайтты ачуунун максаты — кыргыз маданиятынын өркүндөп өсүшүнө колубуздан келген жардамыбызды көрсөтүү. Муну менен кошо кыргыз тилдүү Интернеттин бутуна турушуна көмөктөшүү.

Замандын талабынан артта калбайлы, кыргыз маданиятына байланыштуу баалуу маалыматтарды ар-кайсы булактардан топтоп дүйнөлүк желеге чыгаралы, мүмкүн болсо өзүбүз да жаңыларын санариптейли, жаңы иликтөө, изилдөөлөрдү жүргүзүп Интернетке чыгаралы, башкача айтканда аларды түбөлуктөштүрөлү деген эле тилек. Анткени Интернетке чыккан нерсени жоготуу, жок кылуу дээрлик мүмкүн болбой калат. Биздин мүмкүнчүлүктөр чектелген, а Кыргыз маданияты — бул кулачы, чеги жок мухит, ошондуктан, эгер сиздер биз менен тилектеш болуп жардам бергиңер келсе, биз ыраазы гана болобуз.

Сайттын электрондук почтасынын дареги: kmborboru (@) gmail.com

Бизде ошондой эле  сөз менен иштеген ар-бир чыгармачыл адам ушуга окшош өз адабий баракчасын ача алат. Анын жолдору жана шарттары тууралуу бул жерде айтылган.

Соц тармактар:

Сайт тууралуу: 28 комментариев

  • 20.07.2009 в 10:44
    Permalink

    Абдан керектуу блог.Сиздер менен таанышкандыгыма кубанычтамын.Кундон кунго осуш бар.ийгилик каалайм.

    Ответ
  • 30.04.2010 в 07:13
    Permalink

    Maira Kerim kyzynyn aityshkan videolorun kaidan korsom bolot???

    Ответ
    • 12.05.2010 в 09:38
      Permalink

      Тилекке каршы билбейт экенмин. Тапсак эле дароо блогго чыгарып коебуз.

      Ответ
  • 05.04.2011 в 06:46
    Permalink

    КАЙДЫГЕРЛИК КАПТАДЫ…
    Бул дуйнону кайдыгерлик каптады, тушунуксуз ярлыктар адам-баласына чапталды, асыл ойлор…ийкемдуу ойломдор адамдардан качып жоголуп, инсан журот каракчыларга тонолуп…журок ыйлайт амал жолун таба албай, тагдыр сынат жашап жаткансып жап-жалгыз аралдай, саясатчы булбулдай сайрап сахнада, ыплас ишке аралашкан «уйундогу» кухняда…бала ыйлайт атасына даттанып, кыздар журот кылыктарынан актанып, бийлер-байлар той тамашадан бошобой,чет олкого барганда суйлоп калышат актанып-мактанып…мына кыргыз бугунку сенин турмушун, баш которбой молча кылган «жумушун», анан кантип онолом деп айтасын, кармаганын колунда очередная революция картасы…шылуундар башкарып калган элдерди, аферистер жемишин жейт дыйкандын эмгегин,катташпай тага-жээндери, ээн калды кыргызымдын жерлери…сырта журот эр-азамат атуулдар,ата-энемди эптеп-септеп багам деп, алардын бала- чакасы унутуп эне тилдерин, калганбы дейм аваларын тагап деп…башка элдин жашоолорун мактайбыз,мисал кылып иш-чарасын данктайбыз, оз эллине бир иш кылып баштасан, «койчу ушуну» деп ылайларга чаптайбыз…а бирок да ишенемин элиме, шумдуктуудай кереметтуу жэриме, бороондорго-уландарга алдырбай,кызмат кылган пешене териме…асмандагы кол жетпеске умтулбай, жаратамын сулуукту мен элге, жараткандан тилегеним бир гана, сабырлуук бер тынчтык бер элиме!

    [WORDPRESS HASHCASH] The poster sent us ‘0 which is not a hashcash value.

    Ответ
  • 05.07.2011 в 08:51
    Permalink

    Salamatsizdarbi?
    men kinogo tartilgim kelet
    osho boyuncha maga ar kandai maalimat bere alasizdarbi??
    otunuch,,

    Ответ
    • 05.07.2011 в 10:12
      Permalink

      Киного кызыкканын жакшы! Бирок канчалык деңгээлде биз сага жардам бере алабыз? Кыйын болот го, кино тармагында иштебегенден кийин. Кеңеш гана бере алабыз. Азыр кино тартып жүргөн көп жаштар бар, мисалы, Азамат Арыков, Рустам Аташев ж.б. Алар менен жакындан таанышканга аракет кылып көр. Анан да Кыргыз-түрк «Манас» университетинде маалымат жана коммуникация факультети бар. Ал жерде, менин билишимде, кино тартуу боюнча да билим беришет. Студент балдар жакшы кыска метраждауу фильмдерди тартып эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрүнөн болгонун билем. Анан да Кинематографисттер Союзунун төрагасы, «Айтыш» киностудиясынын жетекчиси Садык Шер-Нияз бар. Бул мен Интернеттен алган маалыматтар. Ийгилик каалайбыз.

      Контактные данные: Киностудия «Айтыш»
      Рабочий адрес: Кыргызстан, 720030, г.Бишкек,
      ул. Динары Асановой, 1
      Телефоны:
      Раб.: +996 (312) 34 48 75
      +996 (312) 65 42 64
      Моб.: +996 (775) 98 89 88
      Эл.почта: sadyksn@rambler.ru

      Ответ
  • 13.03.2012 в 17:49
    Permalink

    Саламатсыздарбы Сайттын авторлору!

    Ишиниздерге ийгилик! Улуттун кайра жаралуусу ушундай иштерден башталат!

    Урматтоо менен,

    Руслан Ташанов,

    Ответ
    • 13.03.2012 в 17:56
      Permalink

      Рахмат. Аракет кылып жатабыз.

      Ответ
  • 17.03.2012 в 13:44
    Permalink

    Саламтсыздарбы.Сиздердин сайтыныздарга ыр саптарым жазсам же жуктосом болобу?болсо кантип же бул жерге сиздердин калоонуздар менен жуктолобу?Алын ала чон рахмат.

    Ответ
    • 17.03.2012 в 21:46
      Permalink

      Сайтка ырларды биз гана жүктөй алабыз. Биздин максатыбыз — бул сайттан кыргыз поэзиясынын күйөрмандары кыргыз поэзиясынын мыкты үлгүлөрү менен тааныша алышына мүмкүнчүлүк түзүп берүү, ысымдары али да көп белгилүү эмес жаш таланттууакындарыбыздын чыгармалары менен тааныштыруу. kmborboru@gmail.com дарегине ырларыңарды жибергиле. Карап көрөлү.

      Ответ
  • 02.08.2012 в 23:33
    Permalink

    Саламатсыздарбы блогду ачуу демилгесин колго алып, купулга толорлук материалдар менен толуктап турган мырзалар, сиздердин ак журогунуздорго таазим!!! Бул сайтты тапканыма суйунуп журом жана мен окугандарды башкалар да окушун каалап башка сайттарга койсо болобу, албетте бул блогдун адресин ссылка кылып кайдан алынган материал экендигин билдирип жонотууго сиздердин оюнуздар кандай экенин билгим келет, ыракмат алдын ала!…..

    Ответ
    • 03.08.2012 в 10:30
      Permalink

      Рахмат, Тумар, жылуу сөздөрүңө.
      Аракет кылып жатабыз.
      Ал эми биздин материалдарды алып турганга каршы эмеспиз. Бир гана эскерте кетишим керек, көп материалдарды өзүбүз башка жактардан алабыз. Макаланын ылдый жагында адатынча биз ал булакка шилтеме жасайбыз.

      Ответ
  • 03.08.2012 в 14:59
    Permalink

    Ыракмат,сиздер кандай берсениздер озгортулбой, аягына гана сайтыныздардын дареги менен кетет.
    Сиздердин кыйкырбай, бирок кыйын, кымбат улгулуу ишти баштап жатканыныздарга ийгилик тилейм!

    Ответ
  • 23.08.2012 в 01:47
    Permalink

    Саламатсыздарбы? Жакшы маалыматтар бар экен,сиздерге рахмат. Жана Кыргыздын биринчи Генералы Ысакбек Монуевдин туулган жылы туура эмес болуп калганын айтып коёюн. Суротундагы жылын ондоп койсонор,мумкун 1849?

    Ответ
    • 23.08.2012 в 09:22
      Permalink

      Жок. Жылдары туура эле. Бул араб арибинде жазылгандыктан болуш керек. Арабча оңдон солго окушат эмеспи.

      Ответ
      • 19.10.2014 в 02:11
        Permalink

        Саламсыздарбы мага сайт ачканга жардам бергилечи

        Ответ
  • 08.02.2013 в 23:51
    Permalink

    Урматтуу улуттун рухун бийик тутуп,ушул сайтты узун элдин учу-кыйырына жеткидей убайым менен туптогон сайттын «Саяпкерлери» ар дайым ишиниздерге ийгилик тилейм!!!
    Суранычым, Айгул Узакованын ырларын кандай тапса болор экен?

    Ответ
    • 11.02.2013 в 09:23
      Permalink

      Рахмат.
      Дагы көптөгөн жакшы акындарыбыздын чыгармаларын жарыялаганга жетише албай келебиз. Ааракет кылып жатабыз. Буюрса, жакында Айгүл эженин биз тапкан ырларын чыгарып коебуз.

      Ответ
  • 23.02.2013 в 22:08
    Permalink

    Tumar09 Says:
    Февраль 21st, 2013 at 11:16
    Саламатсыздырбы? Сиздерге чексиз ыраазычылык,биз суранган темалар менен камсыз кылганыныздар учун!!!

    Ответ
  • 23.01.2015 в 11:28
    Permalink

    Негизинен интернет булактарынан кыргызча материалдарды табуу ото кыйын бул сайт баарына керектуу деп ойлойм дагы илимий тармаккка тиешелуу макаларды коп чыгарып турушса абдан жакшы болот эле.

    Ответ
  • 15.02.2015 в 19:46
    Permalink

    Саламатсыздарбы сиздердин сайтты тапканыма абдан кубанычтамын,кызыктуу жана керектуу маалыматтарды окууга мумкунчулук алып жатам,сиздерге чон ыраазычылык билдиргим келет.

    Ответ
  • 30.05.2016 в 14:12
    Permalink

    Саламатсыздарбы,
    Мага илбирс баласы тууралуу уламыш,жомоктор керек болуп жатты эле.
    Жардам бере аласыздарбы?

    Ответ
  • 04.01.2017 в 11:58
    Permalink

    Саламатсыздарбы сайттын баштоочулары? Ишиниздерге ийгилик, биз да мындан ары карап турбайбыз. Жакшы ачкан экенсиздер, озгочо мага окшогон адабият суйуучулоруно абдан жакшы ынгайлуулук жаратып жатканына кубанычтамын.

    Ответ
    • 04.01.2017 в 14:20
      Permalink

      Рахмат!

      Аракет кылып келатабыз.

      Ответ
  • 01.03.2017 в 16:14
    Permalink

    АЗАМАТСЫНАР! РАХМАТ, ДАЙЫМА ОКУУЧУ САЙТЫМ БОЛДУ.

    ОРУСЧАГА КОТОРМОЛОРУНАР ДА ТУУРА ДЕП ОЙЛОЙМ.

    Ответ

Добавить комментарий