A

  1. Алдаса болот жаш башты, каргаса болот как башты.
  2. Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көөнүн сөз ачат.
  3. Абийир тапса баласы, атасына бак конот.
  4. Абийир үчүн ак жүр, алыш-беришке так жүр.
  5. Абийирди жашыңдан сакта.
  6. Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жолугат.
  7. Абийири жок арачы болот.
  8. Абийирлүү жигитке ажалдуу кийик жолугат.
  9. Абийирсиз уул атасына асылат.
  10. Абийирсизге арачы болсоң, ар кайсы жериң томуйбайбы.
  11. Абыра-сабыра сөзгө орток,
    Атанын сүйбөс уулу малга орток.
  12. Абысын – аңдышкаи жоо, күнү – күйүшкөн жоо.
  13. Абысының болсо, ажыным жок дебе.
  14. Абышка өлсө ат бошойт, кемпир өлсө төр бошойт.
  15. Ага баласы алкымга чыккан жоо,
    Ини баласы ийинге чыккан жоо.
  16. Ага ордун ини басат.
  17. Ага өлсө ини бар, тону жерде калган жок.
  18. Агайын таттуу болсо – ат көп, абысын таттуу болсо – аш көп.
  19. Агайында чет жүрсөң, көңүлүң бир күн тарыгат.
  20. Агайындын азары болсо да, безери болбойт.
  21. Агайындын кадырын жалалуу болгондо билээрсиң,
    Ата-энеңдин кадырын балалуу болсоң билээрсиң.
  22. Агам кимди алса, жеңем ошо.
  23. Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт.
  24. Агаңда болсо карайсың, алаканыңды жалайсың.
  25. Агарган карда көп жүрсөң, көзүң бир күн карыгат,
  26. Агарган чач боёлбойт.
  27. Агасын көрүп ини өсөт, эжесин көрүп сиңди өсөт.
  28. Ага-тууган кимде жок, сыйлашпаса жат болот.
  29. Ага-тууган кимде жок, сыйлашпаса жатча жок.
  30. Агач катуусун курт жыгат.
  31. Агын сууда арам жок.
  32. Агынан тийишсең бирөөгө, айланып келет кезеги.
  33. Адал болсоң дос көбөйөт, арам болсоң кас көбөйөт.
  34. Адал иш абийир таптырат, арам иш азабын тарттырат.
  35. Адал иш менен аракет кулду да даражага жеткирет.
  36. Адал ишти айлыңдан аяба, арам ишти аялыңдан ая.
  37. Адал өлсө – бир казан эт, арам өлсө – ит менен кушка жем.
  38. Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат.
  39. Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон.
  40. Адал эмгек нурлантат, арам эмгек кырдантат.
  41. Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.
  42. Адалдын тамыры миң, арамдын тамыры бир.
  43. Адалсынган молдонун үйүнен алты камандын башы чыгыптыр.
  44. Адам — акылы менен адам.
  45. Адам адам менен адам.
  46. Адам адам үчүн табылгыс дары.
  47. Адам аласы ичинде, мал аласы сыртында.
  48. Адам аласынан сөз аласы жаман, эт чаласынан сез чаласы жаман.
  49. Адам алсызы – урушчаак.
  50. Адам ачтан өлбөйт, ардан өлөт.
  51. Адам ашка тойсо да, жашка тойбойт.
  52. Адам баласы тетиксиз сандык сыртынан сынчы жаңылат.
  53. Адам баласы үйгө киргенден мурда үйдөн чыгып бара жатканын ойлошу керек.
  54. Адам болмок аста-аста, айбан болмок бир паста.
  55. Адам болор кишинин адам менен иши бар,
    Адам болбос кишинин адам менен неси бар.
  56. Адам болуу арзан, адамды билүү кыйын.
  57. Адам да көктөмдө арыктайт.
  58. Адам даңк үчүн от менен сууга кирет.
  59. Адам дүйнөдө бир жаралат.
  60. Адам көркү — адеп.
  61. Адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт.
  62. Адам өзүнөн кийинкилерди көрүп картаят.
  63. Адам тилинен табат.
  64. Адам эли менен, каз өрдөк көлү менен.
  65. Адамга – ишарат, айбанга – келтек.
  66. Адамга конгон касиет качпайт, бирок издеген киши таппайт.
  67. Адамга көрбөгөндүн баары кызык.
  68. Адамга кылган жакшылык, айда тийген ай эмес, күндө тийген күн эмес.
  69. Адамга мал табылышы оңой, адамга адам табылышы кыйын.
  70. Адамга чычалак жарашпайт, атка жаталак жарашпайт.
  71. Адамдан айла качып кутулбайт.
  72. Адамды адам кылып арга үрөгөн үмүт.
  73. Адамды акылга бай кылган – эмгек, төрт түлүктү шай кылган эмгек.
  74. Адамды акылынан, даракты жалбырагынан байка.
  75. Адамды алыстан тааныш кыйын.
  76. Адамды бузган — байлык менен бийлик.
  77. Адамды кийминен тааныбайт, ишинен тааныйт.
  78. Адамды кордобо, акмакты бордобо.
  79. Адамды көзүнөн түшүнбөй, сөзүнөн түшүн,
    Акмакты өзунөн түшүнбөй, элден түшүн.
  80. Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт.
  81. Адамдын адамгерчилиги ачуусу келгенде билинет.
  82. Адамдын акысын жер жебейт.
  83. Адамдын аласы жаман, айбандын куласы жаман.
  84. Адамдын ардуусу тырышчаак болот.
  85. Адамдын бири тентек, бири жөнтек, бири эпчил, бири кекчил.
  86. Адамдын жалангычы да адам.
  87. Адамдын жылдыздуусун айбан да билет.
  88. Адамдын ийгилиги эмес, акылына карап баа бер.
  89. Адамдын иши – жемиштин мөмөсү.
  90. Адамдын керкү – адилеттүүлүктө, жигиттин көркү – адептүүлүктө.
  91. Адамдын кийимине караба, сөзүнө кара.
  92. Адамдын көзү өлгендө (бир чымчым) топуракка тоёт.
  93. Адамдын көркү – адеп.
  94. Адамдын көркү – акыл.
  95. Адамдын көркү баш болот, кабактын көркү каш болот.
  96. Адамдын кыйноосу – санаа, өлүмү – оору.
  97. Адамдын ойлогону миң, аткарганы бир.
  98. Адамдын өзү карыса да сөзү карыбайт.
  99. Адамкерчиликтин өлчөм-чени: өз абийиринин үнүн өчүрбөө.
  100. Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң.
  101. Адеби жок жигит жүгөнү жок атка окшош, адеби жок аял кабаанак итке окшош.
  102. Адепсиз жигит – жүгөнү жок аттай,
    Адеби жок аял – кабанаак иттей.
  103. Адептүү алкыш алат, адепсиз каргышка калат.
  104. Адептүү киши – азаптан алыс.
  105. Адилет соттун кылычында кын жок.
  106. Адилет сөз – ачуу сөз.
    Айтсаң – тилиң күйөт,
    айтпасаң – дилиң күйөт.
  107. Ажал айтып келбейт.
  108. Ажал жетип күн бүтсө, кимди сорбойт кара жер.
  109. Ажал келсе, алтын тактан пайда жок.
  110. Ажалдуу карга бүркүт менен
  111. Ажалдуу карга бүркүт менен ойнойт.
  112. Аз ашка жасоол болбо.
  113. Аз болсо да, саз болсун.
  114. Аз көбөйөт, азган оңолот.
  115. Аз сүйлөп, көп тыңша.
  116. Аза — арыбайт, каада — карыбайт, алтын чирибейт.
  117. Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыӊшайт.
  118. Азганды кууп, тосконго жолукпа.
  119. Азды аяган, көптөн кур калат.
  120. Азды жок дебе, барды көп дебе.
  121. Аздын азанчысы болгончо, көптүн казанчысы бол.
  122. Азоого — тушоо, күлүкө — чалма.
  123. Азуулуулар алышса, бечаралар бүлүнөт.
  124. Ай десе аркы жок, күн десе көркү жок.
  125. Ай караган текедей, күткөн жаман акыйып.
  126. Ай толгонун билбейт, жигит болгонун билбейт.
  127. Ай чырайлуу, бал сөздүү — акылман адам элеси.
  128. Айбанга – келтек, адамга – ишарат.
  129. Айгыр көпсө — үйүрүн кажыйт, Хан көпсө элин кажыйт.
  130. Айдаганы беш эчки, Ышкырыгы таш жарат.
  131. Айдай чырайыӊды иттей узун тилиӊ бузат.
  132. Айды этек менен калкалай албайт.
  133. Айдын жарыгында жүргөнчө, күндүн көлөкөсүндө жүр.
  134. Айдын жарымы — жарык, жарымы — караңгы.
  135. Айкөл адам: дыңылдаганды, ырылдаганды көтөрүмдүүлүктө кабыл алат.
  136. Айкөлдө – жок болсо да бар.
    Акмакта – бар болсо да жок.
  137. Айланайын бакыраң көз сен мага тийбе, мен сага тийбейин.
  138. Айран ичкен качып кутулду,
    Чаканы жалаган колдон тутулду.
  139. Айран ичкен кутулуптур,
    Челек жалаган тутулуптур.
  140. Айран сураган — аягын жашырбайт.
  141. Айт да болоор, айттын эртеси да болоор.
  142. Айткандын сөзү, ыйлагандын көзү жаман.
  143. Айтпа, айткандан кийин кайтпа.
  144. Айтсам сенден өлөрмүн,
    Айтпасам сындан өлөрмүн.
  145. Айтыла элек сөз – сенин кулуң,
    Айтылып кетсе – сен анын кулусуң.
  146. Айтылган сөз, атылган ок.
  147. Айтып кылган иштин айыбы жок.
  148. Айыл ити ала болсо да, бөрү көрсө – чогулат.
  149. Айылды алалык бузат, достукту каралык бузат.
  150. Айыпсыз аякка тикенек кирбейт.
  151. Ак ийилет — сынбайт.
  152. Ак ит, кара ит — баары бир ит.
  153. Ак көңүлдүн аты арыбайт, тону тозбойт.
  154. Ак төөнүн карды жарылганда.
  155. Аке-уке деген көңүлгө жакшы.
  156. Аккан арыктан суу агат.
  157. Аккан сууда арам жок.
  158. Акма кулакка айтса болбойт, куйма кулакка куйса толбойт.
  159. Акмак достон акылдуу душман артык.
  160. Акмак өзүн — эр ойлойт, аңгек өзүн жер ойлойт.
  161. Ак-Сайдын башы жошо бол, атаң өлүп калыптыр, эмне болсоң ошо бол.
  162. Акыйкат сөзгө — арсыз жооп кайырат
  163. Акыл — баштан, асыл — таштан.
  164. Акыл — тирүүдө урмат, өлгөндө даңк.
  165. Акылдуу бала – элпек,
    Акылсыз бала – тентек.
  166. Акылдуу бир сөздөн түшүнөт,
    Акылман айттырбай билет.
  167. Акылдуу миң азаптан кутулат,
    Акылсыз бир азапка тутулат.
  168. Акылдуу отко карайт, акмак казанга карайт.
  169. Акылдууга – насаат, акылсызга таяк.
  170. Акылдуулар сөз алышат,
    Акылсыздар өч алышат.
  171. Акылдуунун сөзү – кыска,
    Айта салса – нуска.
  172. Акылмандык бар жерде, акыйкат болуп, жалган жок.
  173. Акылсыз — атасын акмалайт.
  174. Акылсызга арачы болсоң, ар кай жериң томуйт.
  175. Акылсыздын белгиси – кургак кайрат, жел өпкө,
    Эч убакта жарабайт кургак создөн бөлөккө.
  176. Акылсыздын белгиси,
    Арка жагын ойлобойт.
  177. Акылы аздын азабы көп.
  178. Акылы жетсе, атаны уул билет.
  179. Акын болбойт талантсыз,
    Молдо болбойт сабатсыз.
  180. Акыркы ашка каскак түшөт.
  181. Акырын баскан — аксабайт.
  182. Акырын бассаң — аксак, катуу бассаң — таскак
  183. Ала байтал акылың болсо сууга тарт.
  184. Ала жылкы жоголбойт, арамзаада оңолбойт.
  185. Ала каптын кагынчык, аңдыгандын жаны чык.
  186. Ала карганы атынан чакыр.
  187. Аларманга алтоо – аз,
    Берерманга бешөө – көп.
  188. Албан түрлүү жорго бар,
    Алына карай жорголойт.
  189. Алган эри жарашса, кара катын ак болот.
    Баккан ээси жарашса, куйпул күчүк сак болот.
  190. Алгандын бермейи бар.
  191. Алганы болот бергендин, атканы болот мергендин.
  192. Алдыга өбөк, аркага жөлөк.
  193. Алдыңа түшсө, атаңдын кунун кеч.
  194. Алдыңкы көч кайда барса, кийинки көч да ошол жакка барат.
  195. Алдыңкы көчтүн адашканын кийинки көч билет.
  196. Алдыраар күнү — жаздыраар.
  197. Алжеке кызга – жалжеке күйөө.
  198. Алма быш — оозума түш.
  199. Алма сабагынан алыс түшпөйт.
  200. Алпагай кызга салпагай күйөө.
  201. Алты аял кошокко баратып өз-арманын айтат.
  202. Алтымыш менен жетимиш абышканын курагы.
  203. Алтымышта атаңдын, алдап- соолап күчүн ал.
  204. Алтын – жерден, баатыр – элден.
  205. Алтын дат болбойт, жакшы жат болбойт.
  206. Алтын жерден чыгат, баатыр элден чыгат.
  207. Алтынды дат баспайт, акыл бузулбайт.
  208. Алтынды дат баспайт,
    Кеп чынынан бузулбайт.
  209. Алтынды чыккан жеринен каз.
  210. Алы жетпеген – акыйкатчыл.
  211. Алы жетпеген акыретчи.
  212. Алыбек алына жараша.
  213. Алыс жерге куда болсоң – артынчактап аш келер,
    Жакын жерге куда болсоң – түрдүү ушак кеп келер.
  214. Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык.
  215. Алыстагы душмандан, аңдып жүргөн — дос жаман.
  216. Амалкөйдү ашынам дебе, ач көз байды кошунам дебе.
  217. Аныраңдак аялга, шаныраңдак күйөө.
  218. Аңгектен качсаң — дөңгөккө, дөңгөккө качсаң — сөңгөккө.
  219. Аңдабаган төө көрбөйт.
  220. Аңдышкан – айыл конбойт,
    Эсептешкен – дос болбойт.
  221. Аңдышкан айыл конбойт, эсептешкен дос болбойт.
  222. Ар бир жылкы жорго эмес,
    Ар бир куш кулаалы эмес.
  223. Ар бир кечтин эртеси бар.
  224. Ар бир өз дартын билет.
  225. Ар ким өз көмөчүнө күл тартат.
  226. Ар кимдики өзүнө ай көрүнөт көзүнө.
  227. Ар киши өз болбос, ар нерсе түз болбос.
  228. Ар нерсе өз чегинен чыкса, арты өкүнүчтүү болот.
  229. Аракет кылсаң — берекет.
  230. Арам тамак аш болбойт.
  231. Арамзаанын куйругу бир тутам.
  232. Араң турган көз эле, чыгып кетти өзү эле,
    Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле.
  233. Арачыга алты таяк.
  234. Арбашкан — алышат, кагышкан — кармашат.
  235. Аргымак аттын куйругу – бирде жибек, бирде кыл.
    Эр жигиттин белгиси – сыртта – мырза, үйдө – кул.
  236. Арзан бекен мал тапмак, оңой бекен жан бакмак.
  237. Арзандын тузу татыбайт.
  238. Аркандын узуну жакшы, сөздүн кыскасы жакшы.
  239. Арпа сеппе таш жерге, айыл конбо кас элге.
  240. Артык дөөлөт баш жарбайт.
  241. Артык кылам деп, тыртык кылба!
  242. Ары жат, бери жат – төшөктүн тардыгы,
    Сеники, меники – көңүлдүн тардыгы.
  243. Арык атка куйругу жүк.
  244. Арык — семирет, ач — тоюнат.
  245. Арык уйга жоон мүйүздүн кереги эмне.
  246. Асманда жүргөн кыраан да түнөгүн көксөйт.
  247. Асыл ой, адал иш, ак сөз – турмушка баш, көз.
  248. Асыл таштан,
    Акыл баштан.
  249. Асылган оору алмайынча тынбайт, асылган ууру алмайынча койбойт.
  250. Асылуу казан — бышылуу аш.
  251. Ат — мингендики, тон — кийгенди ки, аял — тийгендики, эр — элдики.
  252. Ат адамдын канаты.
  253. Ат айланып казыгын табат.
  254. Ат арытмак арзан, журт арытмак кымбат.
  255. Ат баспаган жерди тай басат.
  256. Ат баспайм деген жерин үч басат.
  257. Ат башына күн түшсө ооздугу менен суу ичет, эр башына күн түшсө өтүгү менен суу кечет.
  258. Ат жалына казан ас.
  259. Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт,
    Эр мүдүрүлбөй эл тааныбайт.
  260. Ат оонаган жерде түк калат, айран төгүлгөн жерде жук калат.
  261. Ат сактаган ат минет, тон сактаган тон киет.
  262. Ат сийген жерге чөп чыкпайт.
  263. Ат тойгон жерине качат, эр туулган жерине шашат.
  264. Ат чабышта ат өлөт, эр сайышта эр өлөт.
  265. Ата даңкы, эне баркы — балага дем.
  266. Ата сыйлаган абийир табат,
    Эне сыйлаган элге жагат.
  267. Ата энеңди урматтасаң, өз балаңдан сый көрөсүң.
  268. Атада алтоо болсо, ар жалгыздык башта бар.
  269. Атадан – акыл, ападан – тарбия.
  270. Атадан алтоо болсо да,
    Ар башта бар жалгыздык.
  271. Атадан калган мал барбы, аяна турган жан барбы.
  272. Атадан каргыш алган оңбойт.
  273. Атадан таяк жеген балдар жакшы, энеден тил укпаган кыздар жакшы.
  274. Аталуу жетим — арсыз жетим, энелүү жетим — эрке жетим.
  275. Атам өлсө — өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн, энем өлсө өлсүн, энемди көргөн өлбөсүн.
  276. Атам, энем бар болсун, оозу мурду жок болсун.
  277. Атан төө мас болсо, тайлагы менен дос болот.
  278. Атаны көрүп уул өсөт, энени көрүп кыз өсөт.
  279. Атанын гана эмес, адамдын, эненин гана эмес, элиңдин уулу бол.
  280. Атанын көөнү балада, баланын көөнү талаада.
  281. Атанын салган жолу бар,
    Эненин бычкан тону бар.
  282. Атанын уулу болуш урмат,
    Эл уулу болуш кымбат.
  283. Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны.
  284. Атаң өлсө өлсүн, атаңды көргөн өлбөсүн.
  285. Атаңды өлтүргөнгө энеңди бер.
  286. Атасы болушчаактын уулу ыйлаак,
    Энеси болушчаактын кызы ыйлаак.
  287. Атасы көрбөгөндү уулу көрөт,
    Энеси көрбөгөндү кызы көрөт.
  288. Атасын көрүп баласына тий, үйүн корүп кызмат кыл.
  289. Ата-энеңди сыйласаң, өз балаңдан жакшылык көрөсүң.
  290. Ата-энеңдин ак сөзүн кулагыңдан учурба,
    Акыл тапсаң өзүңчө шылдыңга алып кутурба.
  291. Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар.
  292. Атка жеңил, тайга чак.
  293. Аттан түшсөң да ээрден түшпө.
  294. Аттанганда эле көчүгү кыйшык эле.
  295. Аттын баары тулпар болбойт, куштун баары шумкар болбойт.
  296. Аттын сыры ээсине маалым, кыздын сыры төркүнгө маалым.
  297. Атын атаса куту сүйүнөт.
  298. Атына жараша — заты.
  299. Атың чыкпаса, жер өрттө.
  300. Ач — кекиртет, ток — секиртет.
  301. Ач бала ток баладай ойнобойт,
    Ток бала ач болом деп ойлобойт.
  302. Ач иттин артын, сук ит жалайт.
  303. Ач кадырын ток билбейт.
  304. Ач карга ташты чокуйт.
  305. Ач кулактан — тынч кулак.
  306. Ачка киши — урушчаак, арык киши — тырышчаак.
  307. Ачка кишиге таң атпайт.
  308. Ачка кишинин ачуусу жаман.
  309. Ачканын аңы жүрбөйт.
  310. Ачкөз карыны тойсо да, кезү тойбойт.
  311. Ачтын тогу, бардын жогу болот.
  312. Ачуу — душман, акыл — дос.
  313. Ачуу болсоң түкүрүп салышат,
    Таттуу болсоң жутуп алышат.
  314. Ачуулунун астынан чыкпа.
  315. Ачууну акыл жеңет.
  316. Ачууну ачуу басат.
  317. Ачуунун да таттуусу бар, таттуунун да ачуусу бар.
  318. Ачуусу чукул — айыпка жыгылат.
  319. Ачыктым ууру болдум,
    Ачындым сүйлөк болдум.
  320. Ачылбаган сандыкта, бычылбаган кундуз бар.
  321. Аш кадырын билбеген, үй ээсин уялтат.
  322. Аш көп болсо, каада көп.
  323. Аш турган жерге оору турбайт.
  324. Ашка жүк, башка жүк.
  325. Ашка тоймок бар, башка тоймок жок.
  326. Ашуудан ат алмаштырбайт.
  327. Ашыкпаган араба менен коөнго жетет.
  328. Ашына жараша табагы, ишине жараша тамагы.
  329. Ашың жок болсо да, кашың болсун.
  330. Ашың калса калсын, ишиң калбасын.
  331. Аял болбосо ашкана жетимсирейт.
  332. Аял жакшы, эр жакшы,
    Вазир жакшы, хан жакшы.
  333. Аял жакшысын — эри сүйөт, эр жакшысын эли сүйөт.
  334. Аялың мыкты болсо — бактың, аялың кыйды болсо — каттың.
  335. Аялың мыкты болсо – бактың,
    Аялың кыйды болсо – каттың.
Соц тармактар: