Б

  1. Баардык жигит кыз тандайт, бактылуу жигит уз тандайт.
  2. Баары (бардыгы) бирөө үчүн, бирөө баары (бардыгы) үчүн.
  3. Баары шумдук баладан чыгат.
  4. Баары эле пайда дейт, зыянды кандай шордуу көрөт?
  5. Баарына бар назир.
  6. Баарынан качып кутулат, өлүмдөн качып кутула албайт.
  7. Баарынан нан улук.
  8. Баарынан өкүнүч жаман.
  9. Баатыр — баатырды көзүнөн тааныйт, чечен — чеченди сөзүнөн тааныйт.
  10. Баатыр – бир октук, бай бир жуттук.
  11. Баатыр – маңдайлаш, чечен – тандайлаш.
  12. Баатыр — маңдайлаш, чечен — таңдайлаш.
  13. Баатыр – орток, кут – жалгыз.
  14. Баатыр – согушта, акыл –ачуу келгенде, дос – зарылдыкта сыналат.
    Баатыр (барман) табат, батман ичет.
  15. Баатыр (эр жигит, жакшы) өлсө бир өлөт.
    Коркок (эселек, жаман) өлсө миң өлөт.
  16. Баатыр баатыр эмес, мал баккан баатыр.
  17. Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт.
  18. Баатыр болмок маӊдайдан,
    Чечен болмок таӊдайдан.
  19. Баатыр болсоң – душмандан качпа.
  20. Баатыр болсоң – шер бол, коркок болсоң – жер бол.
  21. Баатыр болуп бай болсоң – бүрдөп турган терексиң,
    Баатыр болуп жок болсоң – үрүп чыккан серексиң.
  22. Баатыр жарасыз болбойт.
  23. Баатыр жол баштайт, чечен сөз баштайт.
  24. Баатыр жоо барында сыйлуу, бий доо барында сыйлуу.
  25. Баатыр жоодо мактанат, коркок үйдө мактанат.
  26. Баатыр жоодо таанылат, чечен доодо таанылат.
  27. Баатыр кол баштайт, чечен сөз баштайт.
  28. Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлөт.
  29. Баатыр өзү өлсө да, ысмы өлбөйт.
  30. Баатыр өлсө аты (наамы) калат,
    Коркок (жанбагар) өлсө неси калат.
  31. Баатыр өлсө да куралын таштабайт.
  32. Баатыр өлүмү марадан.
  33. Баатыр табат, батман жейт.
  34. Баатыр табат, батман ичет.
  35. Баатыр туулса – эл ырысы,
  36. Баатыр чөлдө өлбөйт, балык көлдө өлбөйт.
  37. Баатыр чын айтат, коркок калп айтат.
  38. Баатыр элден өсөт, акмак элден безет.
  39. Баатыр элден чыгат, байлык жерден чыгат.
  40. Баатырга (эрге) да жан керек, бакырга да жан керек.
  41. Баатырга да жан керек, каапырга да жан керек.
  42. Баатырга таяк да жарак
  43. Баатырга тийген жары эрте тул болот.
  44. Баатырды – жоону жеңгенден кийин макта,
    Тамакты бойго сиңгенден кийин макта.
  45. Баатырды көрсөң кыдыр тут, букара көрсөң кадыр тут.
  46. Баатырдык билекте эмес, жүрөктө.
  47. Баатырдыкка даба жок.
  48. Баатырдын (эрдин, жакшынын) атын (даңкын) алыстан ук, (эрдин өзүн көрбө, даңкын ук), жанына барсаң бир киши.
  49. Баатырдын алдынан түлкү чыкса кылактап – олжо болот, аял чыкса булактап – жолтоо болот.
  50. Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң бир киши.
  51. Баатырдын баш ийгени — өлгөнү.
  52. Баатырдын жоодон өлгөнү – элине шыпаа.
  53. Баатырдын көркү маңдайда, чечендин көркү таңдайда.
  54. Баатырдын көркү– эрдикте.
  55. Баатырдын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.
  56. Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун.
  57. Баатырлар маңдайлашып, чечендер таңдайлашып.
  58. Баатырсынган жигитти жоо келгенде көрөбүз.
  59. Багы ачыктын маңдайы жарык.
  60. Багы бар, багы барга дагы бар, багы жок, багы жокко дагы жок.
  61. Багы бардын ташы да өйдө кулайт.
  62. Багы башынан качкандан адам да качат.
  63. Багы жокко дагы (баары) жок.
  64. Багыштын богун жеген ит кутурат.
  65. Багыштын кызы баймалуу (кийиз өтүктүү), багалеги саймалуу.
  66. Бадалдуу жерде сайгак көп, балалуу үйдө айгак көп.
  67. Бадачы сайгактан коркот.
  68. Бадыша кудаа эмес, кудадан жудаа эмес.
  69. Бажа бажаны көргөндө башы кычышат,
    Балдыз жездени көргөндө төшү кычышат.
  70. Базар – бай, барган – кедей.
  71. Базар барга – таттуу, жокко – ачуу.
  72. Базар ичи байыбайт.
  73. Базар көркү – бакал, эр көркү – сакал.
  74. Базарга бар, бактыңан көр.
  75. Базарга барат Карыбай, жатып келет жарым ай.
  76. Базарда баары бар, издегенди таба албайсың.
  77. Базарда миң киши бар, ар кими сүйгөнүнө салам берет.
  78. Базардын алысы жок сатаары болсо, падышанын калысы жок таажысы болсо.
  79. Базарлуу жоо менен байкуш уул кармашат.
  80. Базары жакын байыбайт, калп айткан киши жарыбайт.
  81. Базары жакын байыбайт, соодагер жакыны жарыбайт, мазары жакын тынбайт.
  82. Базары жакын байыбайт,
    Калп айткан киши жарыбайт.
  83. Бай — байга куят, суу — сайга куят.
  84. Бай – балпаң, жок – жалтаң.
  85. Бай баарын киет, жок барын киет.
  86. Бай байбиче куймакта, кул менен күң көмөчтө.
  87. Бай байга куят, суу сайга куят.
  88. Бай –байлашып ыйлоого, бай Тейиттей эл керек.
  89. Бай байлыгын, кул чарыгын салат.
  90. Бай баласы кубанаар койдон тууган эгизге,
    Арамзалар көз салаар–жылкыдагы семизге.
  91. Бай баласы сүйлөсө, төө, тайлакты кеп салат.
  92. Бай балтаң, кедей жалтаң.
  93. Бай барман менен, жок дарман менен.
  94. Бай барынча, жок алынча.
  95. Бай билгенди кул билет, айтайын десе эрки жок.
  96. Бай болбогон бай болсо – отоого чөп койбойт,
    Бий болбогон бий болсо – сүйлөөгө сөз койбойт.
  97. Бай болбогон бай болсо, корубаган жер калбайт.
  98. Бай болбоочу жигитке, өлөсөл мал жолугат.
    Куу баш болчу жигитке, туубас катын жолугат.
  99. Бай болгон адам ток болот, мас болгон адам шок болот.
  100. Бай болом деп шашылганың – кедейликке ашыкканың.
  101. Бай болсоң – магдыраба, жарды болсоң – мөгдүрөбө.
  102. Бай болуп көргөн жокмун, байкуш болуп өлгөн жокмун.
  103. Бай болуучу жигитке өлбөгөн мал жолугат.
  104. Бай боорун тааныбас, соода жокко карабас.
  105. Бай даңкы менен, кедей күчү менен жашайт.
  106. Бай жандаган кедей оңбос, кербен жандаган малай оңбос.
  107. Бай жарды болсо, үч жылы байлыгын коё бербейт,
    Жарды бай болсо, үч жылы жардылыгын коё бербейт.
  108. Бай жегени уча менен куймулчак, кедейдики өпкө менен кекиртек, шыйрак менен шыймылчак.
  109. Бай караган марыбайт, жалчы жүргөн жарыбайт.
  110. Бай кийсе, «куттуу болсун!» дейт, кедей кийсе, «кайдан алдың?» дейт.
  111. Бай көргөндү мен көрөм, тартайын десем күчүм жок.
  112. Бай мактанса бир жуттук, эр мактанса бир октук.
  113. Бай мактанса табылат, кедей мактанса чабылат.
  114. Бай малын жейт, кедей жанын жейт, уятсыз арын жейт.
  115. Бай менен байбиче урушта болсо, кул менен күң куймакта.
  116. Бай менен кедей баш кошпойт.
  117. Бай менен куда болсоң – чиренет, жарды менен куда болсоң – тиленет.
  118. Бай өлгөн аттын такасын издеп, алты ай жер казыптыр.
  119. Бай салык салса, кул чарык салат.
  120. Бай сотко барса – барпаңдайт, кедей сотко барса – калтаңдайт.
  121. Бай союуга козу таппай, жардынын жалгыз козусун сураптыр.
  122. Бай тойгонунан ыткытат, кедей ачкасынан ыткытат.
  123. Бай уулунун назары ач, ыймандуу киши андан кач.
  124. Байбиченин амалы кырк эшекке жүк.
  125. Байбиченин бардыгы – төөдөй кара сандыгы.
  126. Байбиченин түлкүсү түштө улуйт.
  127. Байга бар дүйнө, жокко тар дүйнө.
  128. Байга жагынам деген жардынын жалгыз эчкиси чыгым болуптур.
  129. Байга жанашсаң, башың торго чалынат,
  130. Байга кийиз мүлк эмес.
  131. Байга күндө майрам, күндө той, кедейге күндө кайгы, күндө ой.
  132. Байгамбар – кудай эмес, кудайдан жуда эмес.
  133. Байгамбар барына азыр (ыраазы), жогуна кайыл.
  134. Байгамбар жашка барганда сууктан кач, ысыкка шаш.
  135. Байге аты – караандашБайталым, жаның үчүн жорголоорсуң.
  136. Байге аты каралдаш (же караандаш).
  137. Байге бербес күлүктүн жүрүшүнөн байкалат,
    Ашык болгон жигиттин күлүшүнөн байкалат.
  138. Байдан май чыкса, кедейден туз чыгат.
  139. Байдан чай ичкенче, жоктон суу ич, бийден эт жегиче, байкуштан чай ич.
  140. Байдан эт жегиче, байкуштан чай ич.
  141. Байдасыз билим – жаансыз булут.
  142. Байды байыткан – кулу.
  143. Байды балакет басса, жортуул баштайтБээни балакет басса, кулун таштайт.
  144. Байды кудай урарда – байталын сатып ат кылат,
    Жакшыны кудай урарда – жакынын сатып жат кылат.
  145. Байды кудай урарда конок келсе жашынат, атты кудай урарда аягынан басынат.
  146. Байды кул десе күлкүсү келет, кулду бай десе, өлгүсү келет.
  147. Байды мактаба, кедейди жектебе.
  148. Байды мээнет чырмаса, ашканага жашынат.
  149. Байды тууп алат, байбичени сатып алат.
  150. Байды чоң сүйлөткөн, короодогу койлору.
  151. Байды ээрчиген жарды өлөт.
  152. Байдыкы барымта, кедейдики сыйрымта.
  153. Байдын ашын байкуш аяйт, байдын ашын Байдөбөт кызганат.
  154. Байдын байлыгы кедейдин көз жашынан жаралат.
  155. Байдын башы кычышат, кедейдин курсагы ачышат.
  156. Байдын баянасы жугат, жоктун жоорутмасы жугат.
  157. Байдын иши барман менен, кедейдин иши арман менен.
  158. Байдын казаны тегин жерден кайнабайт,
    Дасторкону тегин жерден жайнабайт.
  159. Байдын карманары малы, кедейдин карманары жаны.
  160. Байдын катыны өлсө, төшөгү жаңырат,
  161. Байдын көп малы көзгө көрүнбөйт,
    Кембагалдын жалгыз эчкиси көрүнөт.
  162. Байдын кулу коломтонун кулу.
  163. Байдын малы кадырлуу, жардынын жаны кадырлуу.
  164. Байдын малын аяба, кете берсин талаага.
  165. Байдын малын аяба, суктун чайын аяба.
  166. Байдын ниети кара, колу ак,
    Кедейдин колу кара, ниети ак.
  167. Байдын нээти кара – колу ак, кедейдин колу кара –нээти ак.
  168. Байдын тамыры көп, бийдин кулагы көп.
  169. Байдын түбү – уурулук.
  170. Байдын уулу айраның, айраның болбосо, чыгараар эле ойронуң.
  171. Байдын уулу калаада, байкуштун уулу талаада.
  172. Байдын уулу назары ач, ыймандуу киши, андан кач.
  173. Байдын уулу сүйлөсүн, мурду бучук болсо да.
  174. Байкабай туруп баспа, билбей туруп шашпа.
  175. Байкуш эңсейт – байлыкты, карыя эңсейт – жаштыкты.
  176. Байлаганды билсең, чечкенди да бил.
  177. Байлыгың болбосо да баркың болсун.
  178. Байлык – байлык эмес, бирдик – байлык.
  179. Байлык – куушурат, жоктук – бышырат.
  180. Байлык — мурат эмес, жоктук — уят эмес.
  181. Байлык адамды эсиртет, эсирген адамдын кесири көпкө тиет.
  182. Байлык бакыт эмес.
  183. Байлык бирөөнүн маңдайына бүтсө, бирөөнүн таңдайына бүтөт.
  184. Байлык жерде, күч элде.
  185. Байлык колдун кириндей, бирде келет, бирде кетет, жукса турат, жууса кетет.
    Байлык мактантат, кедейлик сактантат.
  186. Байлык менен бийлик колдун кири, жууса кетет, өлсө калат.
  187. Байлык мурат эмес, жоктук уят эмес.
  188. Байлык мүлктө эмес – талантта.
  189. Байлык не дедирбейт, жоктук не жедирбейт.
  190. Байлык өтөт, кедейлик кетет.
  191. Байлыксыз эл болбойт, байгамбарсыз дин болбойт.
  192. Байлыктан көрө биримдик артык.
  193. Байлыктуу – баатыр, байлыксыз – жалтак.
  194. Байлыкты бөлүм түгөтөт, ооруну өлүм түгөтөт.
  195. Байлыкты сүйгөн намысты билбейт.
  196. Байлыкты эл жаратат, басынткан жер каратат.
  197. Байлыкты эмгектен изде, теңдикти күрөштөн изде.
  198. Байлыктын атасы – эмгек, энеси – жер.
  199. Байлыктын баарысы жакшы, барктуусу билим.
  200. Баймын деп мактанба, жокмун деп суктанба.
  201. Байтал жүгүрүп (же чаап, же чуркап), байге албайт.
  202. Байтал жүгүрүп байге албайт.
  203. Байтал күлүк баркта жок, катын чечен наркта жок.
  204. Байтал минсе, кул жок, саамал ичсе, кымыз жок.
  205. Байталга күнүң түшсө да, байга күнүң түшпөсүн.
  206. Байталым, жаның үчүн жорголоорсуң.
  207. Байы өлгөн кул дардактайт.
  208. Байы чоңдун кулу чоң.
  209. Байыганда досуң көп, жакырлансаң доочу көп.
  210. Байыдым деп сүйүнбө, ийгилигиңе сүйүн.
  211. Байыркынын жомогу баштаса келер оролу.
  212. Бак башыңа консо, колуңа тынарың коноор.
  213. Бак карабай кыдыр да даарыбайт.
  214. Бак коноор адамдын уулу эптүү, кызы көрктүү болот.
  215. Бака баштуу эркекке алтын баштуу ургаачы эби менен тең болот.
  216. Бака жеген көлгө кирет, жылан жеген ийинге (чөлгө) кирет.
  217. Бака жеп, көлгө кирди, жылан жеп, ийинге кирди.
  218. Бака майрыгын билбей, жылаанды “ийри” дейт.
  219. Бака сийсе – көлгө сеп, жамгыр жааса – жерге сеп.
  220. Бакага балыр көл жакшыБалыкка терең суу жакшы Жигитке өскөн эл жакшы.
  221. Баканы алтын такка отургузсаң да, баткакты көрсө ыргып түшөт.
  222. Баканын басканын көрсөң, желгенин сурап нетесиң!
  223. Баканын басыгын көрүп, желгенин сураба.
  224. Баканын өзү чөлдө болсо да, көзү көлдө.
  225. Бакасыз көл болбойт, катасыз киши болбойт.
  226. Бакача чардаган, жыланча арбайт.
  227. Бакгылуунун касы өлөт, бактысыздын досу өлөт.
  228. Бакка келет бир кезек, бакка кезек келгенде башында булбул куш сайрайт.
  229. Баккан ээси жарашса, күйпүл күчүк сак болот.
    Алган эри жарашса, кара катын ак болот.
  230. Баккан ээсине жараша малы семиз, төлү эгиз.
  231. Бакпаганды балам дебе, келбегенди өзүм дебе.
  232. Бакпай балааңдан, жаппай жалааңдан сакта.
  233. Бакпаса мал кетет,
    Карабаса катын кетет.
  234. Бактылуу – эмгегинде зор,
    Бактысыз – ооруда кор.
  235. Бактылуу адам кааласа, муз үстүндө от жанаар,
    Бактысыз адам кааласа, кургак үйдөн суу чыгаар.
  236. Бактылуу аталган байда да арман болот.
  237. Бактылуу болмок мүнөздөн, баатыр болуу күрөштөн.
  238. Бактылуу болом десең, башкага көз артпа.
  239. Бактылуу болуш мүнөздөн, баатыр болуш күрөштөн.
  240. Бактылуу менен байлашпа, таалайлуу менен талашпа.
  241. Бактылуу эмгегинде зор.
  242. Бактылууга эки дос келет,
    Бактысызга эки ууру келет.
  243. Бактылууну бак карайт да, кыдыр даарыйт.
  244. Бактылуунуку маңдайга жазылуу.
  245. Бактың ашкан убакта карганы (жапалак) салсаң каз алат.
  246. Бактың качкан убакта, шумкар салсаң аз алат.
  247. Бактысы ачылар жерине кыз ыйлап барат.
  248. Бактысы жоктун эгерим сөзү эм болбойт.
  249. Бактысыз жокко көнөт, барга көнбөйт.
  250. Бактысыз таалайынан көрөт.
  251. Бактысыздык өзүңдөн, багынбайт ага түшүнгөн.
  252. Бакча баксаң – макта, акча тапсаң – сакта.
  253. Бакшы багамын дейт, төшүңө тумар тагамын дейт.
  254. Бакшы жакшы болобу, жакшы бакшы болобу.
  255. Бакылдаган (кээде бапылдаган) текени суу кечкенде көрөрбүз,
    Шакылдаган келинди (же такылдаган катынды) үй чечкенде көрөрбүз,
    Менменсинген жигитти жоо келгенде көрөрбүз,
    Чеченсинген жигитти доо келгенде көрөрбүз.
  256. Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз,
    Шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз.
  257. Бакылдаган текени суу кечкенде көрөрмүн,
  258. Бакылдын багы көгөрбөйт, көгөрсө да көбөйбөйт.
  259. Бакыр алдуу. кой шыйрактуу.
  260. Бакыр болсоң, макмал кий.
  261. Бакыр киши паанада, сокур киши шоолада.
  262. Бакыргандан коркпо, тымысындан корк.
  263. Бакыргандын баары эле баатыр эмес,
    Балкайгандын баары эле балбан эмес.
  264. Бакырчаак төөнүн бары ийги.
  265. Бакыт деген сымап, кырсык деген уйгак.
  266. Бакыт деген тоголок, аны токтотууга эп керек,
    Мээнет деген жалпак аны көтөрүүгө күч керек.
  267. Бакыт жерде, эринбей эңкейип ал.
  268. Бакыт кетсе намыяны кошо кетет.
  269. Бакыт менен кайгы үзөңгүлөш.
  270. Бакыт оросо, дос торойт.
  271. Бакыт сандыкта, ачкычы асманда.
  272. Бакыт эмгектен жаралат.
  273. Бала — баладай, башы көзү чарадай.
  274. Бала – биздики, акылы – өзүнүкү.
  275. Бала адамдын канаты.
  276. Бала баккандыкы.
  277. Бала бар үйдө калп сүйлөбө.
  278. Бала билет, билбесе неге күлөт.
  279. Бала болсоӊ шок бол,
    Шок болбосоӊ жок бол.
  280. Бала боор эт менен тең.
  281. Бала жакшысы атанын даңкы,
    Кыз жакшысы эненин даңкы.
  282. Бала жетиге чыкканча жерден таяк жейт.
  283. Бала калса – мал табат,
    Катын калса – бай табат.
  284. Бала калса мал (эл) табат, катын калса бай (эр) табат.
  285. Бала көргөнүн кылат, көсөө түрткөнүн кылат.
  286. Бала күлкүгө тойбойт, жалкоо уйкуга тойбойт.
  287. Бала оюнга тойбойт, жалкоо уйкуга тойбойт.
  288. Бала падышадан кудуреттүү.
  289. Бала суу төксө, андан чоң тайып жыгылар.
  290. Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы.
  291. Бала таттууга өч.
  292. Бала чуркаса, чалдын буту зыркырайт.
  293. Бала ыйлабай эмчек кайда?
  294. Бала ыйламайынча эмчек жок.
  295. Бала, баланын иши чала.
  296. Балаадан машайык качыптыр.
  297. Балага – атасы сынчы. (Ата балага сынчы).
  298. Балага ойлоп айтсаң угат,
    Ойлобой айтсаң отко жыгат.
  299. Баладан да пайгамбардык сөз чыгат.
  300. Балакет – аяк астында.
  301. Балакет кылбаган балакетке жолукпайт.
  302. Балалуу болбогон, – кубанганды көрбөгөн (билбеген), баласы өлбөгөн – күйүттү көрбөгөн (билбеген).
  303. Балалуу каргага бок тийбейт (артпайт).
  304. Балалуу өрдөк талпынса, балалары чуу болот.
  305. Балалуу үй – базар,
    Баласыз үй – мазар.
  306. Балалуу үй – бактылуу үй.
  307. Балалуу үй – гүлүстөн, баласыз үй – көрүстөн.
  308. Балалуу үй – күлкүнүн куту, баласыз үй – кубанычтын жуту.
  309. Балалуу үй – падышалуу үй.
  310. Балалуу үйгө (дө) бакьгг үйүр (бар).
  311. Балалуу үйдө – сыр жок, оорулуу үйдө – ыр жок.
  312. Балалуунун багы бар, баласыздын жүрөгүндө муңу бар.
  313. Балалуунун баласын алганча, колунан ишин ал.
  314. Балалуунун бели тынат, баласыздын бели сынат.
  315. Балалык – падышалык, карылык – катуулук.
  316. Балалык кишиге эки келет, бири жашында бири карыганда.
  317. Балалыктын өмүрү сууда.
  318. Балам, балалуу болгондо билерсиң.
  319. «Балам бар» деп мактанба, топто бирөө жок болсо,
    «Атам бар» деп мактанба, атаң санда жок болсо.
  320. Баланы – жашынан, катынды – башынан.
  321. Баланы бак, жоону чап.
  322. Баланы жакшылыкка жетелеп жанаштыр,
    Жамандыктан кубалап адаштыр.
  323. Баланы жашынан, катынды башынан.
  324. Баланы кебезге ороп бага албайсың.
  325. Баланы мээнет чырмаса, саргара түшүп таз болот.
  326. Баланы тарбиялоо – ташты кемиргенге тете.
  327. Баланы таяк менен урба, сөз менен ур.
  328. Баланы таяк менен эмес, акыл менен тарбияла.
  329. Баланы чыйрак өстүр, жоодо сына.
  330. Баланын балакайы да бар, калакайы да бар.
  331. Баланын бары да балаа, жогу да балаа.
  332. Баланын дээринде болбосо, атанын накыл сөзүндө, эненин мээринде эч нерсе жок.
  333. Баланын өзүн төрөйт, кыял –жоругун (кошо) төрөбөйт.
  334. Баланын сегизинде тиши түшөт, сексенинде эрдин эрге иши түшөт.
  335. Баланын тентек болмогу үйүнөн, эрдин тентек болмогу бийинен.
  336. Баланын тентек болушу үйдөн, таалим – тарбиядан.
  337. Баланын тили «апа» деп чыкса да, атанын тарбиясын алат.
  338. Баланын туулганына кубанба (же сүйүнбө), тураарына кубан (же сүйүн).
  339. Баланын үйү — бапанын алачыгы.
  340. Баланын үйү, бапанын алачыгы эмес.
  341. Баланын ырайына жараша ат кой.
  342. Балаң жакшы болсо өргө чыгарат,
    Балаң жаман болсо, көргө тыгат.
  343. Балаң мыкты болсо даңкың.
  344. Балаң пайдалуу болсо, аштыгың айдалуу.
    Катының жакшы болсо, малың байлануу.
  345. Балаңдан бөлүп кутуласың, небереңден өлүп кутуласың.
  346. Балаңды жашынан тарбияла.
  347. Балаңды өзүм дебе эрке багып.
  348. Балаңды элиң мактаса, андан ашкан бакыт жок.
  349. Балапандарды күзүндө санайт.
  350. Баласы баатырдын атасы ардактуу.
  351. Баласы бардын ырысы бар,
    Карысы бардын ырысы бар.
  352. Баласы жоктун — ырысы жок.
  353. Баласыз – бир азап, балалуу – миң азап.
  354. Баласыз өрдөк талпынса, жез канаты куу болот.
  355. Баласыз үй – бактысыз.
  356. Баласынан намыс кетет, катыны айыңчы, келини ууру болот.
  357. Балбан (күчтүү) менен күрөшпө, түптүү менен тирешпе, шамал менен жарышпа.
  358. Балдар эмне дедирбейт, ачкалык эмне жедирбейт.
  359. Балдардын буламыгын жеп койду деп, акмак аялын күнөөлөйт.
  360. Балдарыбыз – биздин келечегибиз.
  361. Балды сүйсөң, аарынын ачуусуна чыда.
  362. Балдыз күйөөнүн кулагын чоет, жылкычы ышкырып коет.
  363. Балдыздары келгенде, күйөөнүн чери жазылат.
  364. Балкачынын миң урганы – барсканчынын бир урганы.
  365. Балта көтөргүчө дөңгөч дем алат.
    Балта көтөргөнчө, дөңгөч эс алат.
  366. Балталууга отун жокпу, байталдууга катын жокпу.
  367. Балтасыз бай болбойт, калтасыз кайырчы болбойт.
  368. Балтасын сууга түшүргөн орустай болуп.
  369. Балчы менен төлгөчүдөн, өз аялың артык айтат.
  370. Балык башынан сасыйт (чирийт).
  371. Балык жеген багышпайт, пейили кеткен бекишпейт.
  372. Балык жеген байыбайт, бейли кеткен беришпейт.
  373. Балык иримчил, кары ырымчыл, жаман арызчыл.
  374. Балык көлдө өлбөйт, баатыр чөлдө өлбөйт.
  375. Балык менен акындын, ойноок мүнөзү окшош.
  376. Балыкка тил, дөңгөчкө жан киргизгенди сыйкырчы дейт.
  377. Балыкты сууга салып коркутпа.
  378. Балыктын күнү – көл менен, жигиттин күнү – эл менен.
  379. Балыктын өз майы менен өзүн эмде.
  380. Балыктын өмүрү сууда.
  381. Балыктын суусуз күнү жок, «Күнүм жок» дешке үнү жок.
  382. Балыктын тирилиги суу менен, эрдин тирилиги эл менен.
  383. Балыкчы — балыкчыны алыстан тааныйт.
  384. Балыкчынын аты чөлдөп өлөт.
  385. Балырлуу жерде бака бар, тулпар атта така бар.
  386. Балээ кетсе, бакыт келет.
  387. Бар – балтаң, жок – калтаң.
  388. Бар – барын айтат, жок – зарын айтат.
  389. Бар – батаң, жок – катаң.
  390. Бар – шаттантат, жок – какшантат.
  391. Бар барын айтат, жок зарын айтат.
  392. Бар барын жейт, уятсыз арын жейт.
  393. Бар болбой малың чачылбайт, жок болбой жолуң ачылбайт.
  394. Бар болсо – айымчылык, жок болсо – кайырчылык.
  395. Бар болсо – көрө албайт, жок болсо – бере албайт.
  396. Бар болсо – ташыба, жок болсо – шашпа.
  397. Бар болсо – чачпа, жок болсо – шашпа.
  398. Бар болсо бакмагы кыйын, жок болсо тапмагы кыйын.
  399. Бар болсо, айымчылык, жок болсо, кайырчылык.
  400. Бар карындаш батууда болгончо, жок карындаш жолдо болсун. (Жок карындаш жолдо болгончо, бар карындаш батууда болсочу).
  401. Бар карындаш батууда болсун, жок карындаш жолдо болбосун.
  402. Бар качаган кутулбас, жок качаган тутулбас.
  403. Бар мактанса табылаар, жок мактанса чабылаар.
  404. Бар не дедирбейт, жок не жедирбейт.
  405. Бар окшотот, жок какшытат.
  406. Бара турган жериңе какырба да түкүрбө.
  407. Бараар жери жоктун, басаар тоосу жок, барбаган жерде жыргал көп, барсаң аны таппайсың.
  408. Баракелде көзөлүм, чаап алган өз элин.
  409. Барбаган жери жоктун, баспаган жолу жок,
    Кечпеген суусу жоктун, ашпаган ашуусу жок.
  410. Барбаймын десе эрки жок, башына тиет керки чот.
  411. Барга – бар, жокко – жок.
  412. Барга – майрам, жокко – ойрон.
  413. Барга бар дүйнө, кедейге кем дүйнө.
  414. Барга канаат, жокко сабыр.
  415. Барга көппө, жокко чөкпө.
  416. Барга майрам, жокко ойрон.
  417. Барга мактанба, жокко кайгырба.
  418. Барган жериң от болсун, балакети жок болсун.
  419. Барда аябаган жокко тойбойт.
  420. Бардар киши байлыкка мас, акылга пас, кедей киши акылга мас, байлыкка кас.
  421. Бардар менен дос болсоң, каалаганың аласың,
    Жаман менен дос болсоң, кара өзгөй – доого каласың.
  422. Барды аябаган, жокко тойбойт.
    Барды аяган, жокко тойбойт.
  423. Барды аяган, жокко тойбойт.
  424. Барды көрө албайт, жокко бере албайт.
  425. Барды сурабайт, жокту тилебейтБармак басты, көз кысты.
  426. Бардыгын турмуш өзгөртөт, байкагын өмүр, күч кетет.
  427. Бардык жарашып турат, жоктук талашып турат.
  428. Бардын акыры – ада, алп акыры – кор.
  429. Бардын иши барман менен, жоктун иши арман менен.
  430. Бардын малын чачам, жоктун уятын ачам.
  431. Баркыңды билбегенге барба.
  432. Бармак басты, көз кысты.
  433. Барса – базар, келсе – кербен.
  434. «Бар» таттуу сөз, «жок»– ачуу сөз.
  435. Барчылык – жарашып турат, жокчулук – талашып турат.
  436. Барыктаса, башка чыгат.
  437. Барына шүгүр, жогуна тобо.
  438. Баскандан эринген, бир кезекте жүгүрөөр.
  439. Баскандан эринсең жүгүрөрсүң.
  440. Басмайылдын батканын ээси билбей ат билет,
    Эр жигиттин кадырын агайын билбей жат билет.
  441. Баспаган атка «чу» деген сөз дем берет.
  442. Баспас ат, өтпөс бычак эрди тез карытат.
  443. Бассаң бутуңа этият бол, сүйлөсөң тилиңе сак бол.
  444. Бастырган – бараар, чапкан калаар.
  445. Бастырганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат.
  446. Басыгын бузган ат аксайт, алкымын бузган эр аксайт.
  447. Басыгын бузган ат аксайт, алкымын бузган эр аксайт.
  448. Бата менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт.
  449. Батадан эл көгөрөт, жамгырдан жер көгөрөт
  450. Батар күндүн атар таңы бар.
  451. Батмандап кирген оору маскалдап чыгат.
  452. Бахылдын (сараңдын) багы көгөрбөйт, көгөрсө да, көбөйбөйт.
  453. Баш — акыл үчүн, акылман — эл үчүн.
  454. Баш – акылдын кабы, көз – жандын айнеги.
  455. Баш айрылса – бөрк ичинде, кол сынса – жең ичинде.
  456. Баш айрылса (жарылса) бөрк ичинде (алдында), кол сынса, жең ичинде.
  457. Баш айрылса, бөрк ичинде.
  458. Баш аман (соо) болсо – бөрк табылат.
  459. Баш аманда мал таттуу, баш ооруса жан таттуу.
  460. Баш болсун, чач өсөт.
  461. Баш болуу оңой, баштап кетүү кыйын.
  462. Баш жарылса – бөрк ичинде, кол сынса – жең ичинде.
  463. Баш иштебесе бутка күч келет.
  464. Баш канжыгада, кан – көөкөрдө.
  465. Баш кесүү (же кесмек) бар, тил кесүү (же кесмек) жок.
  466. Баш кетсе кетсин,
    Намыс кетпесин.
  467. Баш көбөйсө – ырыс, кас көбөйсө – уруш.
  468. Баш көйрөң – тузчу, орто көйрөң – отунчу, аяккы көйрөң – уйчу.
  469. Баш куйрукту күтпөйт.
  470. Баш мээси менен, мал ээси менен.
  471. Баш соо болсо, бөрк табылат.
  472. Баш экөө бөлбөй, мал экөө болбойт.
  473. Баш эсен болсо, топу табылат.
  474. Башка бирөө менен дешпе, дешсең башканы аралаштырып жешпе.
  475. Башка жерден көк асманды көргөнчө, өз жериңде кара булутту көр.
  476. Башка иш тушсө, байтал жорго болот, мата торко болот.
  477. Башка келген балаага, кулак-мурун садага.
  478. Башка келгенде – көз көрөр.
  479. Башка келсе (же чапса), байтал жорго болот, мата торко болот.
  480. Башка түшкөндү көз көрөөр.
  481. Башка түшсө, бала да көнөт.
  482. Башка элге барып султан болгуча, өз элиңде ултан бол.
  483. Башкага жасаганың да өзүңө пайда.
  484. Башканы танса да, токочту танбайт.
  485. Башканын кайгысына кубанба, бактысына кубан.
  486. Башта уткан – байыбайт, кийин уткан – кейибейт (же кемибейт).
  487. Баштагы болбой мал болбойт, башчысы болбой эл болбойт.
  488. Баштагынын жашы болсоң, эмикинин карысы болоорсуң.
  489. Башталганча мактанбай, бүткөндө мактан.
  490. Баштан ашкан убара.
  491. Баштоочу болсо, коштоочу табылат.
  492. Баштуу тойдун ыры көп,
    Башсыз тойдун чыры көп.
  493. Башты – балта бузат, жылкыны – маңка бузат.
  494. Башты асыраган – эки кол.
  495. Башты балта чабат, жылкыны маңка бузат.
  496. Башты башкара билген башкага үлгү.
  497. Баштык ичпейт, баш ичет.
  498. Баштыктагы түгөнгүчө баш аман болсун.
  499. Башчы дурус болбосо – журт бузулат, соода дурус болбосо – нарк бузулат.
  500. Башчы экөө болсо акыл – жалгыз.
  501. Башчысы болбой марыбайт, башаламан жарыбайт.
  502. Башы – бапан, аягы – сапан.
  503. Башы барга май токтойт.
  504. Башы батпагандын балтыры сыйат.
  505. Башы бүтүн аман жүрөт.
  506. Башы бүтүн, боору аман – адам жок.
  507. Башы жок бака, көзү жок көгөн.
  508. Башы катуунун, аягы таттуу.
  509. Башы оорубагандын кудай менен иши жок.
  510. Башы оорубастын башка менен иши жок.
  511. Башы ооруган бакшыга барат, дөөлөтү ашкан жакшыга барат.
  512. Башы ооруп, балтыры сыздабагандын эчтеме менен иши жок.
  513. Башы тоголоктун (же томолоктун) бардыгы адам боло бербейт.
  514. Башым канжыгада, каным көөкөрдө.
  515. Башымдан өтпөгөнгө баламын, башың өткөн жерден өзүң өтөсүң.
  516. Башын аманда малың түгөлдө.
  517. Башын баштайт, аягын таштайт.
  518. Башына тартса – аягына жетпейт, аягына тартса, башына жетпейт.
  519. Башынан багы качкандан – адам да качат.
  520. Башың аманында малыңды түгөлдө.
  521. Башың баш, багалчагың кара таш.
  522. Башың ооруса бакшы изде, жаның ооруса жакшы изде.
  523. Башыңа иш түшкөндө жакшы кейип өтөт, жаман күлүп өтөт.
  524. Башыңа иш түшсө, төбөң менен кудук казаарсың.
  525. Башыңа күч келсе, башмандак атасың.
  526. Башыңа мүшкүл иш түшпөй, малың арзан сатылбайт.
  527. Башыңа тартсаң бутуң ачык калат,
    Бутуңа тартсаң башың ачык калат.
  528. Башыңа тоо түшсө да чымындай көр.
  529. Башыңа төө түшсө, чымындай көр, чымын консо төөдөй көр.
  530. Башыңы ким сыласа машаягың ошо, маңдайыңда (жаныңда) ким отурса, сүйгөнүң да (же сулууң да) ошол.
  531. Баягы, баягы – Байкожонун таягы.
  532. Бегиңе жеткиче белиңди сындырам.
  533. Бедели жок жигиттен, белес жорткон жел артык.
  534. Бедери жок торкодон бек токуган бөз жакшы.
  535. Бейжай аял белгисиз ыйлайт.
  536. Бейишти бөтөн жерден эмес, киндик каның тамган жерден изде!
  537. Бейиштин ашын көрмөк бар, жемек жок.
  538. Бейкайратка бейиш жок.
  539. Бейли тар адам кең идиштен аш иче албайт.
  540. Беймаал конок душмандан жаман.
  541. Беймаал кыйкырган короздун, башын жулуш керек (кесмек парыс).
  542. Бейтаалай эрдин башына, бэйжай аял жолугат.
  543. Бек байлагын атыңды, жайына кое бербегин, эси жок эсер катынды.
  544. Бек зикир чалса, бек эместер бакшы болот.
  545. Бекем катсаң, оңой табасың.
  546. Бекер алгандын берекеси болбойт.
  547. Бекер жерден мышык аптапка чыкпайт.
  548. Бекер жүргөнчө, бекер оку.
  549. Бекер ичкен – бей таалай, таап ичкен – чоң таалай.
  550. Бекер киши таз болбойт.
  551. Бекер турганча, бекер иште.
  552. Бекерден кепин табылса, чулганып алып өлүш керек.
  553. Бекерден теңирим безер.
  554. Бекердин атасы өлүптүр.
  555. Бекердин чолоосу жок, устанын тогоосу жок.
  556. Бекеринен кепин табылса өлүш керек.
  557. Бекеринен мал тапсаң, берекеси жок болот.
  558. Бекерчиден безе кач, ушакчыдан көчө кач, жатакчыдан алыс кач.
  559. Бекерчиден безе кач, ушакчыдан көчө кач.
  560. Бекке жанашсаң, белчеңден азапка батасың.
  561. Бел бекчейсе, көз чекчейет.
  562. Бел кырчоодон сарала.
  563. Белден күч кеткенде, колдон иш кетет.
  564. Белек баалуу эмес, сый баалуу.
  565. Бели ооруп көрбөгөн киши, бекерликти жакшы көрөт.
  566. Бенде болмок бир жылда, ажы болмок кырк жылда.
  567. Бенденин оозунан чыкса, бериштенин кулагына аян болот.
  568. Бер десең – үтүрөйөт, ал десең – жылмаят.
  569. Бербеген кудайга чоң дооң барбы.
  570. Бербегенди берип уялт, келбегенди барып уялт.
  571. Бербес жерде буюм бар, жакпас жерде отун бар.
  572. Бербес кыздын салыгы оор.
  573. Бербесең – алышпайсың, келбесең – алыстайсың.
  574. Бербеске эртең менен саамал, берерге бешимде кымыз.
  575. Бербестин ашы бышпас, бышса да казандан түшпөс.
  576. Бербестин ашы бышпас, бышса да очок башынан түшпөс.
  577. Бербестин шылтоосу көп.
  578. Берген алат, эккен – орот.
  579. Берген баатыр эмес, алган баатыр.
  580. Берген жоомарт (баатыр) эмес, алган (сураган) жоомарт (баатыр).
  581. Берген колум алаган, майлуу колум жалагам.
  582. Берген кудайына жагат.
  583. Берген март эмес, алган март.
  584. Бергенге беш да көп, алганга алтымыш да аз.
  585. Бергенге бир да көп, алганга жүз да аз.
  586. Бергенин алган – жамандын иши, ичкенин кускан – чабалдын иши.
  587. Бере турган кулуна, берен кылат жолуна.
  588. Береген колум алаган.
  589. Береке байда эмес – элде, кетмендеп иштелген жерде.
  590. Берекенин баары жерде калган эмеспи, жер дүйнөнүн туткасы элде калган эмеспи.
  591. Берекесин маа берсин, көлөкөсүн саа берсин.
  592. Берерге акчаң болбосо, молдо үйүңө да кирбейт.
  593. Берерге бешимде – кымыз, бербеске шашкеде – саамал.
  594. Берерге бешөө чыкпаса, аларга алтоо чыгат.
  595. Бересеге бешөө көп, аласага алтоо аз.
  596. Берешен колум алаган.
  597. Берешенден бешиктеги бала да үмүт кылат.
  598. Бери болуп төрдө жок, ары болуп көрдө жок.
  599. Бери карап күлүп, ары карап ыйлаган жаман.
  600. Берип берен болгончо, бербей сараң бол.
    Берип сараң (суу) болгуча, бербей уят бол.
  601. Берип жаман көрүнгөнчө, бербей жаман көрүн.
  602. Берип эки жаман көрүнгөнчө, бербей бир жаман көрүн.
  603. Берсе – ал, урса – кач.
  604. Берсе да бай жакшы, бербесе да бай жакшы, жесе да май жакшы, жебесе да май жакшы.
  605. Берсен – аларсын, эксең – орорсун.
  606. Берсең – ичем, урсаң – өлөм.
  607. Берсең жебейт (ичпейт, албайт), бекитсең койбойт.
  608. Берээрге акчаң болбосо, молдо үйүңө да кирбейт.
  609. Берээрге бешимде кымыз, бербеске эртең менен саамал жок.
  610. Бетеге кетет бел калат,
    Бектер кетет эл калат.
  611. Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат.
  612. Бетеге өзүн бий ойлойт, караган өзүн кан ойлойт.
  613. Бети башы терден арылбагандын колу, буту чордон арылбайт.
  614. Бети бетиме тийген тууганыма баркым жок,
    Эти этиме тийген катыныма баркым жок.
  615. Бети жокко безетки чыгат.
  616. Бетим жаман болсо да, ниетим жакшы.
  617. Бетинен бедер кеткен соң, кымкап да болсо бөзгө тең.
  618. Бетке (көзгө) айткан сөздүн заары жок.
  619. Бетке айткандын – заары жок.
  620. Бетке айткандын жүзү жарык.
  621. Бетке чабар терс кыял, бөөдө кырсык тарттырар.
  622. Беттешүүдө өзүн жоготкон адам жетелеме болот.
  623. Бечарага тумоонун кереги не.
  624. Бечел турса (басса), жер өрттөйт.
  625. Бечелге (ден) жөтөл үйүр (кетпейт).
  626. Бечелге жөтөл үйүр (же бечелден жөтөл кетпейт).
  627. Бечелге жөтөлдүн кереги барбы.
  628. Бечелди бекер көрбө (ойлобо), мүмкүн арстандай мыкты чыгар.
  629. Беш кол оозго батпайт.
  630. Беш кол тең (бирдей) эмес.
  631. Беш кол тең эмес.
  632. Беш колду оозго салса береке кетет.
  633. Беш тогоол болбой (өтпөй) бел чечпейт.
  634. Бешик баласы беш түлөйт.
  635. Бешиктеги баланын Бек болоорун ким билет,
    Карындагы баланын Хан болоорун ким билет.
  636. Бешиктеги баланын бек болоорун ким билсин.
  637. Бешиктен көргө чейин илим ал.
  638. Бешиктен чыгып, тешикке киргенче.
  639. Бешимде туруп кеп айтсаң, беш күнгө чейин оолугат.
  640. Бешимден кийин тийген күн жылуу болбойт.
  641. Бешимден кийин тийген күндүн жылуулугу болбой койбойт.
  642. Биз да катын болорбуз, капка таруу саларбыз.
  643. Биз да киши болорбуз, атка кишен саларбыз.
  644. Биз тирүүлөй бир дөбөдөбүз, өлгөндө бир көрдөбүз.
  645. Биздин көчөдө да майрам болоор.
  646. Бий экөө болсо, доо төртөө болот.
  647. Бийди кул десе күлкүсү келет, кулду кул десе өлгүсү келет.
  648. Бийдин максаты – бийлик кылуу, бай максаты – байлык жыйноо.
  649. Бийик дөбөгө (же тоого) чыксаң – көзүң ачылат,
    Жакшы менен сүйлөшсөң – көңүлүң ачылат.
  650. Бийик тоону жанынан көр, башына чыкпа,
    Жакшы кишини алыстан ук, жанына барба.
  651. Бийик тоону көрөмүн десең, башына чыкпа.
  652. Бийик тоонун чокусуна бир күндө басып – чыгам дебе.
  653. Бийикке чыксаң көзүң ачылат, билимдүүгө жолуксаң көңүлүң ачылат.
  654. Бийиктен кулаган катуу тиет, бийликтен кулаган кара киет.
  655. Бийиң кылаң болсо, журтуң ылаң болор.
  656. Бийлик бар жерде зордук бар, зордук бар жерде кордук бар.
  657. Бийлик бар жерде кулдук бар.
  658. Бийлик жаратканда андан кийин элде.
  659. Билбеген – уят эмес, билгиси келбеген – уят.
  660. Билбеген (же билбегендиктен) уу ичет (билбеген уу уртаар).
  661. Билбеген киши жылкыда бөйрөк жок дейт.
  662. Билбеген уу ичет.
  663. Билбегенге наалат эмес, билүүгө умтулбаганга наалат.
  664. Билбегенге уруят, билгендерге уят.
  665. Билбегенди бил, билимдүү – пир.
  666. Билбегенди эшитсең билги болосуң.
  667. Билбес кудайды билбейт.
  668. Билбеске айтпа, толбоско куйба, тойбоско бербе.
  669. Билген жолуңду атаңа бербе.
  670. Билген миң балаадан кутулат, билбеген миң балаага тутулат.
  671. Билген миңди башкарат.
  672. Билген суу ичет, билбеген уу ичет.
  673. Билген таап айтат, билбеген каап айтат.
  674. Билгенге бата аяк, билбегенге ант аяк.
  675. Билгенден биле элегиң көп, көргөндөн көрө элегиң көп.
  676. Билгенди айтуудан тартынба.
  677. Билгениң бир тогуз, билбегениң токсон тогуз.
  678. Билгениңе кеңеш аяк, билбегениңе ажыраш аяк.
  679. Билеги жоон бирди жыгат, билими зор миңди жыгат.
  680. Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү (же толук) миңди жыгат.
  681. Билек – бир, бармак (же манжа) – башка.
  682. Билек бирге болсо да, манча (же бармак) башка,
    Тилек бирге болсо да, жүрөк башка.
  683. Билек жирей албаганды – билим жирейт.
  684. “Билем” десең миң сөз, “билбейм” десең бир сөз.
  685. “Жакшы” деген бир ат бар,
    кууп отуруп жетпейт,
    “жаман” деген бир ат бар,
    жууган менен эч кетпейт.
  686. «Билбейм» деген бир сөз, «билем» деген миң сөз.
    «Көрбөдүм» деген бир сөз, «көрдүм» деген көп (миң) сөз.
  687. «Билем-билем» дей бербе билгендерди көргөндө.
  688. «Болду» дегенден «болот – болот» деген кызык.
  689. Билемин десен тутулдуң, билбеймин десең кутулдуң.
  690. Билерман болсо иниси, бийлейт экен агасын.
  691. Билиги жок чырак жарылбайт, иштегиси жок жигит жарыбайт.
  692. Билим – адамдын канаты.
  693. Билим – деңиз, акыл – кайык.
  694. Билим – жанып турган чырак.
  695. Билим – жашоо чырагы, өнөр – элдин курамы.
  696. Билим – карыбас, өнөр – арыбас.
  697. Билим – кенч, эмгек анын ачкычы.
  698. Билим – мейман, акыл – ээ.
  699. Билим – оошот, ырыс – жугушат.
  700. Билим – өнөр азыгы, өнөр – эрик казыгы.
  701. Билим – ырыс азыгы
  702. Билим – элге, суу – жерге.
  703. Билим алууну бешиктен башта.
  704. Билим болбой, илим болбойт.
  705. Билим издеген өсөөр, бүлүк издеген өчөөр.
  706. Билим көптүк кылбайт, өнөр аздык кылбайт.
  707. Билимден өткөн досуң жок, оорудан өткөн касың жок.
  708. Билимди сатып албайт, аны казып алат.
  709. Билимди элден изде, алтынды жерден изде.
  710. Билимдин кени китепте.
  711. Билимдин күчтүүсү – адамдык.
  712. Билимдүү баарына түшүнөт, билимсиз өз ишине күтүлөт.
  713. Билимдүү билимин берет, акылдуу акылын берет.
  714. Билимдүү билсе да сурайт, билимсиз билбесе да сурабайт.
  715. Билимдүү болмок – оңой, адам болмок – кыйын.
  716. Билимдүү болсоң озорсуң, билимсиз болсоң осолсуң.
  717. Билимдүү бөлмөк – оңой, адам болмок – кыйын.
  718. Билимдүү зор, билими жок кор.
  719. Билимдүү көп, билген аз, күйүмдүү көп, күйгөн аз.
  720. Билимдүү миңди жыгат, билимсиз бирди жыгат.
  721. Билимдүү мээге салат, билимсиз мээден алат.
  722. Билимдүү өлсө кагазда каты калат, уста өлсө балтасы менен чоту калат.
  723. Билимдүү, акылдуунун сөзү накыл,
    Аңдай билип, аларды сен жүзөгө ашыр.
  724. Билимдүүгө дүйнө – жарык, билим өмүр азыгы
  725. Билимдүүдө бедер бар, билимсизде нелер бар.
  726. Билимдүүдөн акыл сура.
  727. Билимдүүнүн – билими жугат, билимсиздин – ириңи жугат.
  728. Билимдүүнүн белгиси, билгенин берет келгиси,
    Акылдуунун белгиси, акылын келет бергиси.
  729. Билимдүүнүн белгиси, билгенин келет бергиси,
    Акылдуунун белгиси, акылын келет бергиси.
  730. Билимдүүнүн билими жугат, билимсиздин кири жугат.
  731. Билимдүүнүн сөзү өткүр,
    Мергенчинин көзү өткүр.
  732. Билимдүүнүн түнү – күн,
    Билимсиздин күнү – түн.
  733. Билими бар – ар балаадан кутулат, билими жок – миң балаага тутулат.
  734. Билими жокко күн да түн.
  735. Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат.
  736. Билими толук (же күчтүү) миңди жыгат, билеги жоон (же күчтүү) бирди жыгат.
  737. Билимиңди элге бере албасаң бекерсиң.
  738. Билимсиз бирди көрсө, билимдүү миңди көрөт.
  739. Билинбей туруп адамга бир ооз сөз адамды дарылайт.
  740. Бир агарган сакалың, кайрадан чыгып карарбас.
  741. Бир ай минбей атыңды мактаба.
  742. Бир айткан сөздү кабыл алганды падыша де.
  743. Бир айтканын эки айткан, төп айтпай сөзүн чеки айтат.
  744. Бир акмак атасы өлгөндө көбөт, бир акмак катын алганда көбөт.
  745. Бир акмак сууга таш ыргытса, жүз акылдуу ала албайт.
  746. Бир амал менен, эки алдай албайсың.
  747. Бир ата – эне отуз уулду багат, отуз уул бир ата – энени бага албайт. (Бир ата –эне он балага чыдаса, он бала бир ата – энеге чыдабайт).
  748. Бир ата он баланы багаар, он бала бир атаны талаар.
  749. Бир ата отуз уулду багат, отуз уул бир атаны багалбайт
  750. Бир аял – аял, эки аял – базар, үч аял кошулса жарманке.
  751. Бир баатыр–согушта, акыл – ачуу келгенде, дос – зарылдыкта (сыналат).
  752. Бир байдын журтун эки чычкан талашат.
  753. Бир барган жериңе миң жолу салам айт.
  754. Бир баш – миң ой.
  755. Бир башта миң үмүт.
  756. Бир буту көрдө (көктө), бир буту жерде.
  757. Бир бээнин эки эмчеги, бири кетсе, экинчисинин сүтү жок,
    Бир төөнүн эки өркөчү, бири кетсе, экинчисинин күчү жок.
  758. Бир дарак бакча эмес, бир таш дубал эмес.
  759. Бир жакшы бар – журттун камын жейт,
    Бир жаман бар – журттун малын жейт.
    Эр жигит элдин камын жейт,
    Эселек элдин малын жейт.
  760. Бир жакшы бар журттун камын жээр, бир «жакшы» бар айылдын малын жээр.
  761. Бир жакшылык, бир жамандык унутулбайт.
  762. Бир жамандык бир жакшы – эгиз болуп келет,
    Бир караңгы бир жарык – түндөн кийин күн келет.
  763. Бир жамандык, бир жакшылык – эгиз болуп, бир келет,
    Бир караңгы, бир жарык – түндөн кийин күн келет.
  764. Бир жеңден кол, бир жакадан баш, бир ооздон сөз чыгарсаң жоого алдырбайсың.
  765. Бир жерде чеки иш кылган ар жерде кепке кемтик, сөзгө сөлтүк.
  766. Бир жердин ала каргасы бир жерге келип телик куш болот.
  767. Бир жигиттин атагы көп жигитке даңк берет.
  768. Бир жолу калп айтсаң, ишенимден ажырайсың.
  769. Бир жолу калпың билинсе, сөзгө алгысыз болорсуң.
  770. Бир жылдыгын ойлогон буудай эгет,
    Он жылдыгын ойлогон Терек тигет,
    Өмүр боюн ойлогон илим окуйт!
  771. Бир ирет даам таткан жериңе мин ирет салам айт.
  772. Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт.
  773. Бир казан сүттү иритиш үчүн, бир тамчы айран жетиштүү.
  774. Бир казанда эки кочкордун башы кайнабайт.
  775. Бир кайгы бир кайгыны унуттурат.
  776. Бир карасаң – камчы сап, бир карасаң – ийнелик.
  777. Бир карын майды бир кумалак чиритет.
  778. Бир катындын мекери – кырк эшекке жүк деген.
  779. Бир кезде биз да бөрү элек, тайлак басып жээр элек.
  780. Бир кемпир бир кемпирди «кыз» деп тергептир.
  781. Бир кемпир бир кемпирди «кызыке» дейт.
  782. Бир киши арык казса, миң киши суу ичет.
  783. Бир кишиге бир киши, аздык кылбайт, алдырбайт.
  784. Бир кишинин арыгы, миң кишиге суу берет,
    Бир кишинин азгыны, миң кишиге уу берет.
  785. Бир кишинин дөөлөтүнө миң киши мас болот.
  786. Бир койлууга миң койлуунун иши түшөт.
  787. Бир колуңду ачсаң, бир колуңду жум.
  788. Бир конгон конок кут, эки конгон конок жут, үч конгон конок курут.
  789. Бир коркоктун кесири миңге тиет.
  790. Бир көргөн – билиш, эки көргөн – тааныш, үч көргөн – алыш.
  791. Бир көргөн – билиш, эки көргөн – тааныш, үчүнчү көргөн – тууган.
  792. Бир көргөн кишиңе, миң салам бер.
  793. Бир көргөндө – тон сыйлуу, таанышканда – бой сыйлуу.
  794. Бир кумалак бир баштык майды чиритиптир.
  795. Бир күн болсо да, күн көргөн жакшы.
  796. Бир күн калпың билинсе, сөзгө алгысыз болорсуң.
  797. Бир күн кетмен чапкан нандын даамын билет.
  798. Бир күн туз таткан жериңе миң күнү салам бер.
  799. Бир күн укмуш (шумдук) укпаса, кулак керең (дүлөй) болот.
  800. Бир күндө эки шашкени көрбөйсүң, бир жылда эки жазды көрбөйсүң.
  801. Бир күндүк өмүрүң болсо – түштүгүнө жорго мин.
  802. Бир күнкү таанышка, миң күнү салам бер.
  803. Бир күнү калпың билинсе, сөзгө алгысыз болорсуң.
  804. Бир күнү тузун татсаң, кырк күнү таазим кыл.
  805. Бир күнү уруш болгон үйдөн, кырк күнү береке кетет.
  806. Бир мунарага жеталбай атып, бир мунарага бутун арткан.
  807. Бир мыскал дөөлөттү көтөрүш үчүн, миң мыскал токтоолук керек.
  808. Бир ок менен эки коён атам дебе.
  809. Бир ок менен эки коёнду атыптыр.
  810. Бир ооз сөз абийир каралайт, бир ооз сөз жүрөк жаралайт.
  811. Бир ооздон чыккан сөз миң оозго жайылат.
  812. Бир өзөктөн күйгөн өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман.
  813. Бир сап ырдан бир кап чыр да чыгат.
  814. Бир сөз – оозго алгыс, бир сөз – издесе тапкыс.
  815. Бир сөз бар – кут, бир сөз бар – жут.
  816. Бир сөз бар – оозго алгыс, бир сөз бар – издесе тапкыс.
  817. Бир сүйлө, эки ук.
  818. Бир тамчы суу кумурскага дарыя болуп көрүнөт.
  819. Бир тамчы таш жарат, бир сөз баш жарат.
  820. Бир таш тоо эмес, бир баш эл эмес.
  821. Бир тентек–бала, бир тентек – кан.
  822. Бир теңге (тыйын) берип айттыра албаганды, миң теңге (тыйын) берип койдура албайсың.
  823. Бир тойдо эки жар болбойт.
  824. Бир тоодон бир тоого арзыган кийик ачтан өлүптүр.
  825. Бир тоокко да жем керек.
  826. Бир төөнүн эки өркөчү, бири кетсе экинчисинин күчү жок.
  827. Бир тыйын берип айттыра албаганды, миң тыйын берип койдура албайсың.
  828. Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт.
  829. Бир урууда бир жинди болот.
  830. Бир уядан – бир сасык.
  831. Бир уядан бир сасыткы чыгат.
  832. Бир үйдүн ашы бир үйгө сонун.
  833. Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт, бирөөнүн көрүнө бирөө кирбейт.
  834. Бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт.
  835. Бир чайнасаң май чайна, былчылдасын (чылпылдасын) оозуңда,
  836. Бирди минсең жорго мин, кылтылдасын астыңда.
  837. Бир чөптүн гүлүнөн аары бал соруп алса, жылан уу – оруп алат.
  838. Бир чыбык менен миң кой айдалат.
  839. Бир чымчымдан көңүл алат, бир чымчымдан көңүл калат.
  840. Бир эрден чыккан жакшыраак, эки эрден чыккан как шыйрак, үч эрден чыккан катындан жолдо турган жоор инек жакшыраак.
  841. Бир этегин үзө баскан, бир этегин жаза басат.
  842. Бирге билиш болгуча, миңге тааныш бол.
  843. Бирге болсо тебишет, ажырашса кишинешет.
  844. Бирге жүрмөк бар, бирге өлмөк жок.
  845. Бирге тааныш болгончо, миңге билиш бол.
  846. Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет.
  847. Бирде манап, бирде кул – пикири жок бир эргул.
  848. Бирди аяган миңден кур калат.
  849. Бирди аяган миңдин убалына калат.
  850. Бирди бакпасаң, жокко зар болосуң.
  851. Бирди билгенче, миң менен тааныш бол.
  852. Бирди билгенче, миңди тааныган жакшы.
  853. Бирди жеп уятың чыкканча, миңди жеп атың чыксын.
  854. Бирди капа кылган, миңге чуу түшүрөт.
  855. Бирди кессең – онду тик.
  856. Бирди минсең жорго мин, кылтылдасын астыңда.
  857. Бирди тапсаң, кийип өт, бирди тапсаң, ичип өт.
  858. Бирдик болбой тирдик болбойт.
  859. Бирдик болгон жерде – тирдик.
  860. Бирдик жок жерде тирдик жок.
  861. Бирдики – миңге, көптүкү – түмөнгө.
  862. Бирдиктүү болбой дөөлөттүү болбойт.
  863. Бирдиктүү эл – кебелбес аскадай.
  864. Бирдин билгени – сыңар эмчектин сүтү, көптүн билгени – ташып аккан дайра.
  865. Бирдин катасы миңди азапка салат.
  866. Бирдин кесепети – миңге, миңдики – түмөнгө.
  867. Бирдин кесепети миңге тиет.
  868. Бири кетсе экинчисинин сүтү жок.
  869. Бири кетти, неси калды?
  870. Бири тентек чыкса, бири жөнтөк болот.
  871. Биригишсе тиштешкен, ажырашса кишенешет.
  872. Бириктирбейт жек көрүү, бел сындырат бөксөрүү.
  873. Бирин эки кылып, битин сирке кылып.
  874. Биринчи байлык – ден соолук, экинчи байлык – ак жоолук, үчүнчү байлык – жүз соолук.
  875. Бирлик бар жерде тирлик бар.
  876. Бирөө алдында жатып, «турсам өлөсүң» дептир.
  877. Бирөө ашы менен кыйын, бирөө башы менен кыйын.
  878. Бирөө билбегенди бирөө билээр, бирөө ыйлай турганга бирөө күлөөр.
  879. Бирөө билбегенди, бирөө билет.
  880. Бирөө бузуп айтат, бирөө түзөп айтат.
  881. Бирөө десем миң экен, жалгыз десем сан экен.
  882. Бирөө жашаш үчүн иштейт, бирөө жеш үчүн жашайт.
  883. Бирөө жете албай жүрсө, бирөө кете албай жүрөт.
  884. Бирөө кечерге кечүү таппай жүрсө, бирөө ичерге суу таппай жүрөт.
  885. Бирөө менен дешпе, дешсең бок жешпе.
  886. Бирөө өлмөйүнчө, бирөө күн көрбөйт.
  887. Бирөө өлүп жатса, бирөө күлүп жатат.
  888. Бирөө утулмайынча, бирөө куталбайт.
  889. Бирөө эрте, бирөө кеч, барабыз кербен жолуна.
  890. Бирөөгө бак, бирөөгө баш берет.
  891. Бирөөгө бергис өгөө бар, экөөнө бергис бирөө бар.
  892. Бирөөгө жамандык кылсаң өз башыңа тиерин унутпа.
  893. Бирөөгө кор бала, бирөөгө зар бала.
  894. Бирөөгө көр казсаң, кенен каз, өзүң барып түшөсүң.
  895. Бирөөгө күлөм деп, өзүң күлкүгө калба.
  896. Бирөөгө күлсөң өзүң ыйлайсың.
  897. Бирөөгө нан кайгы, бирөөгө жан кайгы.
  898. Бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң секирип чыгарга.
  899. Бирөөгө таш ыргытсаң, ал сага ок атат.
  900. Бирөөлөргө нан кайгы, бирөөлөргө жан кайгы.
  901. Бирөөнө жамандык кылсаң, өз башыңа (түшөөрүн) тийерин унутпа.
  902. Бирөөнү эки кылган – эпчил.
  903. Бирөөнүкүнө көз артсаң, өзүңкүнөн кол жууйсуң.
  904. Бирөөнүн – өзү баатыр,
    Бирөөнүн – сөзү баатыр.
    Бирөөнүн – өзү сыйлуу,
    бирөөнүн – сөзү сыйлуу.
  905. Бирөөнүн (душманыңдын) өлүмүн тилегенче, өзүңдүн өмүрүңдү тиле.
  906. Бирөөнүн (жамандын) өзү (өңү) суук, бирөөнүн (өзүнөн да) сөзү суук.
  907. Бирөөнүн ажалы оттон, бирөөнүн ажалы топтон,
    Бирөөнүн ажалы уудан, бирөөнүн ажалы суудан.
  908. Бирөөнүн айдап жүргөн малы бар; бирөөнүн ат көтөргүс даны бар.
  909. Бирөөнүн арканы менен үңкүргө түшпө.
  910. Бирөөнүн ат көтөргүс бөзү бар, бирөөнүн ат көтөргүс сөзү бар.
  911. Бирөөнүн ат көтөргүс даңкы бар, миңге бергис баркы бар.
  912. Бирөөнүн аты терчил, бирөөнүн кийими кирчил.
  913. Бирөөнүн ашына – мойнуңду созбо.
  914. Бирөөнүн бетине түкүрсөң, өз көзүңө тыпын түшөт.
  915. Бирөөнүн жакшы жаманы кирип чыкканча билинет, өз жаманы өмүр өткөнчө билинбейт.
  916. Бирөөнүн жарчысын коюп, өз жарчыңды жарып ал.
  917. Бирөөнүн ичи – деңиз, бирөөнүн ичи – коңуз.
  918. Бирөөнүн кеңешин ук, бирок өз күчүңө ишен.
  919. Бирөөнүн колу менен от кармаба.
  920. Бирөөнүн көзүнөн, бирөөнүн сөзүнөн.
  921. Бирөөнүн көрүнө бирөө жатпайт.
  922. Бирөөнүн кызматына көз артканча, өз мээнетиңе ишенгениң дурус.
  923. Бирөөнүн май токочунан, өзүңдүн катыган наның жакшы.
  924. Бирөөнүн өзү (өңү) суук, бирөөнүн сөзү суук.
  925. Бирөөнүн өзү баатыр, бирөөнүн сөзү баатыр.
  926. Бирөөнүн өлүмүн тилегиче, өз өмүрүңдү тиле.
  927. Бирөөнүн өңү суук, бирөөнүн сөзү суук.
  928. Бирөөнүн тоогу бирөөгө каз көрүнөт,
    Бирөөнүн аялы бирөөгө кыз көрүнөт.
  929. Бирөөнүн тоогун алсаң (же жесең), каз байла.
  930. Бирөөнүн тоогун (өрдөгүн) жесең, каз байла; малын жесең, кыз байла.
  931. Бирөөнүн убалына калгыча, экөөнүн сообуна кал.
  932. Бирөөнүн үйүн чечмек бар, тикмек жок.
  933. Бирөөнүн элинде Султан болгуча, өз элиңде ултан бол.
  934. Битке ачууланып, тонуңду отко жакпа.
  935. Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба.
  936. Биттейде бириктик, бармактайда баш коштук.
  937. Биттин ачуусун сиркеден алат.
  938. Биттин ичегисине кан куйган эпчил.
  939. Биттин өчүн сиркеден алба.
  940. Биттүү конок батат, иттүү конок батпайт.
  941. Боёкчуну боёкчу десе, атасынын сакалын боёптур.
  942. Боз койдон жоош (же момун), ак койдон аңкоо (же маңоо).
  943. Боздоп улуйт тууган жердин шамалы, боор толгоп учуп – күйүп жаналы.
  944. Боздукта (жашында) бенде өлбөсүн, боз топурак көрбөсүн.
  945. Бозмаштуу жерде бото өлбөйт, аңыздуу жерде ат өлбөйт.
  946. Бозо – болгондуку, токоч – тойгондуку.
  947. Бозодогу сөз бокко жарабайт (өтпөйт).
  948. Бозойдун мыйыгынан күлгөнү – селкинин оюн билгени.
  949. Бозоң бозоруп болбогон тамак, ичсе – тойбогон тамак.
  950. Бозочу – боорукер болбос, борукчу – кайрыкер болбос.
  951. Бозочунун үйү кыйкырык менен өкүрүк, өтүкчүнүн үйү апырык менен сапырык, насбайчынын үйү какырык менен түкүрүк.
  952. Бозынач болсо, ботом өлөт беле?
  953. Бой көтөргөн суук көрүнөт, орой сүйлөгөн жек көрүнөт.
  954. Бойлукта байлык жок.
  955. Бок жесең, жүрөгүңдү байлана жүр.
  956. Бокту баспа – сасыйт.
  957. Бокту чапса бетке чачырайт.
  958. Болбогонго болушпа, какаганды бек мушта.
  959. Болбой турган уулуңду, коё бергин казанга.
  960. Болгон сайын болгусу келет, толгон сайын толгусу келет.
  961. Болгонуңда болуп өт, боз жоргодой желип өт.
  962. Боло турган азамат болоттон кылыч байланат.
  963. Боло турган уулуңду, жибербегин базарга.
  964. Болоор бала богунан.
  965. Болоор иш болду, боёсу канды.
  966. Болоор кулун желеде жулкунат, болоор бала бешикте булкунат.
  967. Болоору болду, боёсу канды.
  968. Болооруңа келгенде боз жоргоңду такала,
    Болбосуңа келгенде болгон эрди жакала (жака –белинде жүр).
  969. Болооруңда болуп өт, боз жоргодой желип өт.
  970. Болор – болбос өлүптүр, ат чаптырып коюптур.
  971. Болор бала бешикте булкунат, болор кулун желеде жулкунат.
  972. Болор кулун – желеде булкуйт, болор бала – бешикте булкуйт.
  973. Болор музоо богунан.
  974. Болот (кылыч) кында жатпайт.
  975. Болот бычак кынсыз калбайт, болот ийилбейт, чорт сынат.
  976. Болот отто чыңалат, адам иште чыңалат.
  977. Болот сынат, бирок ийилбейт.
  978. Болоюн деген балаңды жибербегин базарга,
    Болбоюн деген балаңды коё бергин казанга.
  979. Болоюн деген уул бар, болтурбайм деген кудай бар.
  980. Болсоң болоттой бол.
  981. Боор ооруган бозорот, табаалаган тамылжыйт.
  982. Боор ооруса, боорго тебет.
  983. Боор оорусу – киндик толгойт.
  984. Боор оорусу (же ооруса) киндик толгойт.
  985. Боору бүтүн, башы эсен адам болбойт (жок).
  986. Боору ооруган бозорот, табалаган тамылжыйт.
  987. Боорукер жардамга келет, боору таш өлгөнгө күлөт.
  988. Борбаш канчалык кыраан болсо да, боз торгойчолук алы жок.
  989. Бороонду күндө бок кычайт.
  990. Бороонду тоотпой боорун тоспогон, болбогон муздак желден коркот.
  991. Бороондуу күнү бок кычайт, болжолдуу күнү жок кычайт.
  992. Босогодон мүдүрүлсөң, төрдө эмне бар!
  993. Ботко майдан бузулбайт.
  994. Бош кап тикесинен турбайт.
  995. Бош челек катуу калдырайт.
  996. Бою бир карыш сакалы миң карыш.
  997. Бою карыш, ою жапыс.
  998. Бою келтенин ою келте.
  999. Бою пакененин ою бийик.
  1000. Бою пекененин – үнү бийик.
  1001. Боюна бүткөндөн кийин төрөбөй койбойт.
  1002. Боюнун узунун кантейин, акылынын кыскасын кантейин.
  1003. Боюңа карап тон быч.
  1004. Боюңа мактанба, оюңа мактан.
  1005. Боюңдай бой табылса да, оюңдай ой табылбайт.
  1006. Бөдөнө бөлтөйүп, кыргый кымпыйып, тоодак томпоюп мындай жаткыла,
    Эки сартка бир тартар, бир саны бизге артар.
  1007. Бөдөнө жеп тарууну, чымчык калат балаага.
  1008. Бөдөнөнү кыргыйга, жем жараткан – сен дүйнө,
    Эки эгиздин бирөөнү, кем жараткан – сен дүйнө.
  1009. Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун.
  1010. Бөдөнөнүн жатагын көр да, этине таарынба.
  1011. Бөдөнөнүн үйү жок, кайда барса «бытпылдык».
  1012. Бөздүн көркү менен мата өтөт.
  1013. Бөзчү белбоого жарыбайт, темирчи такага жарыбайт.
  1014. Бөзчү бөзгө жалчылбайт.
  1015. Бөйрөктөн шыйрак чыгарган (чыгарба), бөдөнөдөн куйрук (көтөн) чыгарат (чыгарба).
  1016. Бөйрөктөн шыйрак чыгарган, бүргөдөн май сызгыргысы келет.
  1017. Бөйрөктөн шыйрак, жумурткадан кыр чыгарып.
  1018. Бөкөндү минсе ат болбойт, тууган менен үч бөлүнсө жат болбойт.
  1019. Бөксө чайнек бат (катуу) кайнайт.
  1020. Бөксөсүндө – бөрү, түзүндө – түлкү.
  1021. Бөлөм, бөлөм үчүн өлөм.
  1022. Бөлтүрүктү ит деп бакпагын, иттей болбойт кыялы,
    Душманга өйдө караба, тийбей койбойт зыяны!
  1023. Бөрү – жарды, кузгун – тойду.
  1024. Бөлүнгөндү бөру жейт, жарылганды жоо алат.
  1025. Бөөдө аракет бел сындырат.
  1026. Бөөдө каргыш бөрүгө жетпейт.
  1027. Бөөдө каргыш өзүңө тиет.
  1028. Бөөдө чыгым баш жарат.
  1029. Бөөдө чыгым бөлөккө жетпес.
  1030. Бөрк ал десе баш алган (кескен), жасакердин жосуну.
  1031. Бөрк алдында не болбойт.
  1032. Бөрк алмак бар, баш алмак жок.
  1033. Бөрк астында – бөрү жок дебе, ээк астында – жоо жок дебе.
  1034. Бөрк кийгендин тамагы бир, жол жүргөндүн тилеги бир.
  1035. Бөрү – койго тойбойт, кулак – сөзгө тойбойт,
    Көңүл – ойго тойбойт, көз – көргөнгө тойбойт,
    Жер – жутканга тойбойт, куш – учканга тойбойт.
  1036. Бөрү азыгы – жолдон.
  1037. Бөрү азыгы менен эр азыгы жолдон.
  1038. Бөрү арыгын билгизбей, итке жүнүн үрпөйтөт.
  1039. Бөрү атар уулду бөркүнөн тааны, журт баштаар уулду сөзүнөн тааны.
  1040. Бөрү ачыкпай, жортуулга чыкпайт, тойгон бөрү, ууга чыкпайт.
  1041. Бөрү баласы ит болбойт, бөтөн бала өз болбойт.
  1042. Бөрү баласына баш тоголотот.
  1043. Бөрү бөрк астында же бөрк астында бөрү бар.
  1044. Бөрү жарды кузгун тойду.
  1045. Бөрү жебесе да күнөөлүү.
  1046. Бөрү жегенге маш, молдо алдаганга маш.
  1047. Бөрү жок десе бөрк астында, ууру жок десе жер алдында.
  1048. Бөрү жыргаганга маш, молдо алганга маш.
  1049. Бөрү каргышы койго жетпейт.
  1050. Бөрү карыса – чычканчыл болот.
  1051. Бөрү карыса да, бир койлук алы бар.
  1052. Бөрү карыса, итке күлкү болот.
  1053. Бөрү карысын жектейт.
  1054. Бөрү сууну шалпылдатып, кой кечкен суу экен дептир.
  1055. Бөрү түндө күч, жоо камсыз кезде чабат.
  1056. Бөрү этектен, жоо жакадан алганда (жакалап келатканда).
  1057. Бөрүгө кой кайтартпа.
  1058. Бөрүдөн бөлтүрүк гана туулат.
  1059. Бөрүнү аясаң, өзүңдү жарат.
  1060. Бөрүнүкү тең орток, кузгундуку куркулдайдын башында.
  1061. Бөрүнүн ажалы көтү күйүк иттен.
  1062. Бөрүнүн жолу миң, мергенчинин жолу бир.
  1063. Бөрүнүн кулагы (эки көзү) ууда, баланын кулагы чууда.
  1064. Бөрүнүн күчү – тишинде, кишинин күчү – ишинде.
  1065. Бөрүнүн тоюна барсаң, бөрүбасарыңды ала бар.
  1066. Бөрүнүн эки көзү ууда.
  1067. Бөрүчү бүркүт өлүүчү.
  1068. Бөтөлкө менен достошкон,
    Өмүрү менен коштошкон.
  1069. Бу да болсо пайда, мунун түбү кайда.
  1070. Бу дүйнөдө не карып?
    Замандашы болбосо карыя болор тез карып.
    Кадырын жеңе билбесе, бойго жеткен кыз карып.
  1071. Бу дүйнөдөн үмүтүн үзгөн акыретинин камын көрөт.
  1072. Бу тоодон бу тоого арзыбаган кийик ачка өлүптүр.
  1073. Бузук бар жерде кусур бар.
  1074. Бузуку ажо – жолдо турган дөңгөч.
  1075. Бузуку киши оңолбойт, калыстык наам жоголбойт.
  1076. Бузуку менен муңдашпа, типтүү менен тирешпе.
  1077. Бузукунун үйү күйсүн.
  1078. Бузулаар үйдөн ырк кетет, атасынан адилдик кетет.
  1079. Бузулган элге бучуктан молдо (же улук).
  1080. Бузулган элге, бучуктан молдо.
  1081. Бузулмак оңой, түзөлмөк кыйын.
  1082. Бузулуп калган ашка, ачка болсоң да караба.
  1083. Буйга минген төөсү бар, чабаганчы жөөсү бар.
  1084. Буйругу жок ашка тиш тийбейт.
  1085. Бука жокто – торпок бий.
  1086. Бука мүйүздүү уйдун сүтү болбойт,
    Уй мүйүздүү буканын күчү болбойт.
  1087. Бука өлбөгүдөй, инек соолбогондой болсун.
  1088. Букада кайын жок, уйда төркүн жок.
  1089. Буканы кутурткан (өкүрткөн) эки энек.
  1090. Буканын жаманы музоого теңтуш.
  1091. Буканын мурду карыбайт, эрдин көөнү карыбайт.
  1092. Буканын өзү карыса да, мурду карыбайт.
  1093. Букарда пулу бардын көөнү ток.
  1094. Бул жөргөмүштүн жөтөлгөнүн билген неме, бул бүргөнү такалап минген неме.
  1095. Бул түбү жок жыртык дүйнөнүн түбүнө ким жеткен.
  1096. Булак өзүн көлмүн дейт.
  1097. Булакты жыйсаң көл болот, майданы жыйсаң эл болот.
  1098. Буламыктан тиш сынат, кыламыктан бут сынат.
  1099. Буламыкты да жасаган катын жасайт.
  1100. Булбул багына конот, падыша такка конот.
  1101. Булбул түндө сайрап, күн чыкканда эс алат.
  1102. Булбулдан чечен бир куш жок, тырмактай – ак карасы.
  1103. Булбулдун доошун эшитпей, буралып талаа ачылбайт.
  1104. Булбулдун мукам үнү бар, тайлактын таза жүнү бар, боло турган азамат, болоттон кылыч байланып, жоого тийсе сүрү бар.
  1105. Булбулдун мукам үнү бар, торгойдун жумшак тили бар.
  1106. Булбулдун унун укпай, жайкы талаа ачылбайт.
  1107. Булбулдун ырын карга кайдан түшүнсүн.
  1108. Булду берсең, сүткө бер.
  1109. Булдурсун камчы тийсе да, баатырдын жүзү түктөйбөс.
  1110. Булут ала – жер чоло.
  1111. Булут минип муз бүркү,
    Эрен да өткөн дүйнөдөн,
    Бербейм, бербейм деп журүп,
    Бай да өтөт дүйнөдөн.
  1112. Булут минип, муз бүркүп, сен да өтөрсүң дүйнөдөн.
  1113. Булут шамалга каршы жылбайт.
  1114. Булуттан чыккан – күн ачуу, жамандан чыккан – сөз ачуу.
  1115. Булуттун кадыры жок – ай жанында.
  1116. Булуттун көркү жери менен, буудайдын көркү тери менен.
  1117. Бура сүйлөгөн сөз күлөөргө жакшы, булкунган ат минээрге жакшы.
  1118. Буран, белдин кайгыга батканы – бозойдун кабарсыз жатканы.
  1119. Буран, иштин – арты ылаң.
  1120. Бурган сөз – урган сөз.
  1121. Бут – басар, кол – табар.
  1122. Бут серпкенге ал келбейт, ажал жетип күн бүтсө.
  1123. Бутагың сынса сынсын, бирок тамырың соолубасын.
  1124. Буту менен басып, мурду менен тынгандын баары адам атала бербейт.
  1125. Буту сынган – жатып алып семирет, колу сынган – басып жүрүп арыктайт.
  1126. Бутунан мүдүрүлгөн (жаңылган) турат, тилинен (оозунан) мүдүрүлгөн (жаңылган) турбайт.
  1127. Буудай наның болбосо да, буудайдай сөзүң жокпу.
  1128. Буудай сепкен таалайсыздын, аңызына арпа чыгат.
  1129. Буудай сепсең, бузуп арпа айдаба.
  1130. Буудай токочуңду бербесең да, буудайдай сөзүңдү аяба.
  1131. Буудайдын бараар жери – тегирмен, кыздын бараар жери – күйөө.
  1132. Буурусун чийген чийин жок, суур казган ийин.
  1133. Бучук мурдун жашырбайт, сыпайы сырын жашырбайт.
  1134. Буюкканга жылдыз – от.
  1135. Буюм керек учурунда жакшы.
  1136. Буюмду адам жаратат, адамды кудай жаратат.
  1137. Буюмдун кирин самын жууйт, көңүлдүн кирин акыл жууйт.
  1138. Буюрбаган ашка мурун канайт.
  1139. Буюрбаган аштан үмүт этпе.
  1140. Буюрбаган ашыңа, жөө конок келсин кашыңа.
  1141. Буюрса – Букардан аш келет.
  1142. Бүгүн – пэшэ (бай), эртең – гэдэ (кедей).
  1143. Бүгүн бар да, эртең жок, атаңдын көрү дүйнө бок.
  1144. Бүгүн бүтүрүүчү ишти эртеңкиге калтырба,
    Өз колуңдан келүүчү ишти бирөөгө тапшырба.
  1145. Бүгүн конок – эртең жомок.
  1146. Бүгүн көргөн – эртең жок, бүгүнкү ач – эртең ток,
    Тоюнганда топук күт, толгоп салар дүнүйө шок.
  1147. Бүгүн көргөн – эртең жок, ушундай белең (же атаны кайран) дүйнө бок.
  1148. Бүгүн чачылсаң, эртеңден үмүт үзбө.
  1149. Бүгүнкү ачууну эртеңкиге кой (калтыр).
  1150. Бүгүнкү көргөн эртең жок, атаңдын көрү дүйнө бок.
  1151. Бүгүнкү мээнетиң – эртеңки дөөлөтүң.
  1152. Бүгүнкүнү көргөн да бар, көрбөгөн да бар.
  1153. Бүгүнкүнүн эртеңи бар, кечээгиңди бүгүндөн издебе.
  1154. Бүгүнкүңдү эртеңкиге калтырба.
  1155. Бүкүлүү жебей этке тойбойт, коно жатпай кепке тойбойт.
  1156. Бүлдүргө болор жип, бүлкүлдөп үрөр ит жок.
  1157. Бүлөөгө бергис өгөө бар, экөөнө бергис бирөө бар.
  1158. Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба.
  1159. Бүргөгө өчөшүп кийимиңди отко салба.
  1160. Бүркүт алжыса кулаалы менен дос болот.
  1161. Бүркүт картайса, чычкан уулайт.
  1162. Бүркүт карыса чычканчыл болот, каракчы карыса алдамчы болот.
  1163. Бүркүт салсаң, алтайдын кызыл түлкүсүн киесиң.
  1164. Бүркүттүн ээси болсо, түлкүнүн кудайы бар.
  1165. Бүткөн ишке сынчы көп, бышкан ашка жечү көп.
  1166. Бүтпөгөн иш сыртта болсо кар басат, үйдө болсо чаң басат.
  1167. Былтыркыдан калган иш жок.
  1168. Бысмылданын ашын шайтан түгөтөт.
  1169. Бычагы курч байыбайт.
  1170. Бычагыңды чыны менен бер, чыны менен берсең, кыны менен бер.
  1171. Бычак берсең – кындап бер, кындап берсең – чындап бер.
  1172. Бычак жарасы айыгат, сөз жарасы айыкпайт.
  1173. Бычак канча өткүр болсо да, өз сабын жонбойт.
  1174. Бычакты өзүңө ур, оорубаса бирөөгө ур.
  1175. Бычактын көркү – курчунда, суусардын көркү – сыртында.
  1176. Бычмачынын күчүгүндөй шыпылдап.
  1177. Бышаарына күйүп, чыгараарына күйбөйсүңбү?
  1178. Бышкан жемиш сабагында турбайт, бышыксынган адамдар бересеге чалынат.
  1179. Бышпастан мурда бышырдың, күйбөйстөн мурда күйгүздүң.
  1180. Бышты, ат башына чычты.
  1181. Бышык болом деп жатып, жек – жаатыңдан кол үзбө.
  1182. Бышыксынган адамдар бересеге чалынат.
  1183. Бышылуу тамактын күйүтү жаман.
  1184. Бээ баласын чапчыса да, берт кылбайт.
  1185. Бээ десе — төө дейт.
  1186. Бээ десең төөгө кетет (же төө дейт).
  1187. Бээ карыса чөл, сыйыр карыса көл.
  1188. Бээ кулунун катуу тепсе да, мерт кылбайт.
  1189. Бээ туугуча – байтал, катын төрөгүчө – келин.
  1190. Бээ туумайынча байтал аты калбайт,
    Катын төрөмөйүнчө келин аты калбайт.
Соц тармактар: